Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:26

Reuters: Израил Газага сокку урду


Израил полициясы Ал-Акса мечитинин айланасындагы палестиндерди таратууга аракет кылып жатат, 17-апрель, 2022-жыл.
Израил полициясы Ал-Акса мечитинин айланасындагы палестиндерди таратууга аракет кылып жатат, 17-апрель, 2022-жыл.

19-апрелде Израил Газа тилкесиндеги "ХАМАС" кыймылынын жана башка топтордун лагерлерине абадан сокку урду. Бул тууралуу Reuters жаңылыктар агенттиги палестиналык булактарга шилтеме кылып кабарлады. Азырынча жабыркагандар тууралуу маалымат жок.

Анын алдында Израил Газадан учурулган ракетаны атып түшүргөнүн билдирген. Акыркы бир нече айдан берки Израил менен Газа тилкесинин ортосунда эч кандай аткылашуу каттала элек болчу. Газадан учурулган ракета үчүн эч бир кыймыл жоопкерчиликти мойнуна ала элек.

Соңку аба чабуулдары Иерусалимдеги Ал-Акса мечитинин айланасында палестиндер менен Израил полициясынын ортосундагы кагылышуудан кийин болду. Палестинадагы Кызыл Жарым Ай коому билдиргендей, 15-апрелдеги кагылышуудан 150дөн ашуун палестиналык жана Израилдин үч полиция кызматкери жаракат алган.

Израил полициясы жүздөгөн палестиндер таңкы намаздан кийин жөөттөрдүн сыйынуучу жайын көздөй таш ыргытышканын маалымдаган. Палестинанын Тышкы иштер министрлиги бул окуяга жана анын кесепетине Израил "толук жана түздөн-түз жооптуу" экенин билдирген.

Жума күнкү бул кагылышууну улай, 17-апрелде да Израил полициясы мечиттин аймагына кирип, палестиндердин көп бөлүгүн сыртка сүрүп чыгарган. Полициянын айтымында, алар таш менен куралданып, тосмолорду орнотуп алышкан.

Мусулмандар да, жөөттөр да ыйык деп эсептеген Ал-Акса мечитинин аймагында кагылышуулар утур-утур болуп келет. Быйылкы чыңалууга мусулмандардын Орозо айы менен жөөттөрдүн Песах майрамынын бир маалга туш келиши да себеп болду.

Чыгыш Иерусалимде жайгашкан Ал-Акса мечитинин айлана-тегереги 1967-жылкы согуштан кийин Израилдин көзөмөлүнө өткөн. Палестиналыктар бул аймакты болочоктогу мамлекетинин бир бөлүгү катары санашат.

XS
SM
MD
LG