Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:03

Алтын-Казык конушунун тургундары жол тосушту


Акция өткөн жерден тартылган сүрөт.
Акция өткөн жерден тартылган сүрөт.

Чүйдүн Аламүдүн районуна караштуу Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн аймагындагы Алтын-Казык жаңы конушунун тургундары бүгүн, 19-апрелде акция өткөрүп, конуштун тушундагы автожолду бир нече убакыт бууп турушту.

Район акими Бактыбек Анаркулов “Азаттыкка” билдиргендей, жүзгө жакын адам конушту Бишкек шаарынын карамагына өткөрүүнү талап кылды. Сүйлөшүү жүргүзүлүп, маселе тийиштүү мекемелер менен талкууланары айтылгандан кийин алар акциясын токтотуп, жол кыймылы кайра калыбына келди.

Анаркулов Ак-Дөбө айыл өкмөтү конушту мыйзамдаштыруу максатында тийиштүү иштерди жүргүзүп бүткөнүн, айылдык кеңештин аны шаарга өткөрүү тууралуу чечими бар экенин айтты:

“Административдик аймагы бизге карагандыктан, үймө-үй кыдырып, топографиялык сүрөткө тартуу жана кадастр иштерин аткарып, тизмесин даярдап койдук. Жаңы жобо чыкса биз аларга техпаспортун беришибиз керек. Бирок жергиликтүү жашоочулар ошолорду бизге өткөрбөстөн Бишкектин Биринчи Май районунун карамагына өткөрүп бересиңер деген талап коюшту”.

450дөй үй курулган Алтын-Казык конушу “Дордой” базарынын жанындагы 118 гектар жерде жайгашкан.

Бишкектин тегерегинде 50 чакты конуш бар. Алардын көбү мыйзамсыз курулгандыктан документи жок. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG