Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:01

Кыргыз-түрк министрлери Кыргызстанда окуу борборун ачууну талкуулады


Кыргызстандын жана Түркиянын ИИМ жетекчилери Улан Ниязбеков менен Сулейман Сойлу.
Кыргызстандын жана Түркиянын ИИМ жетекчилери Улан Ниязбеков менен Сулейман Сойлу.

Кыргызстандын ички иштер министри Улан Ниязбеков жана Түркия мамлекетинин ички иштер министри Сулейман Сойлу 18-апрелде Анкарада жолугуп, эки тараптуу кызматташтыкты талкуулады. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жолугушууда Түркиянын жардамы менен баңги жана уюшкан кылмыштуулукка, аткезчиликтин бардык түрлөрүнө каршы натыйжалуу күрөшүү үчүн түрк полициясынын ТАДОК (TADOC) окуу борбору сыяктуу жайды Кыргызстанда ачуу сунушу талкууланды.

"Мындай борборду ачуу түрк тилдүү өлкөлөрдүн тиешелүү укук коргоо органдары үчүн биргеликте иш жүргүзүү, маалымат алмашуу, жаңы ыкмалар менен бөлүшүү, эл аралык кылмыштарды эрте аныктап, алардын алдын алуу мүмкүнчүлүгү эле түзүлбөстөн, ортодогу кызматташтык да өнүкмөк деген ойдомун”,- деп сунуштады Ниязбеков.

Түрк министри «аймактык коопсуздук, терроризм, уюшкан кылмыштуулук жана мыйзамсыз миграция менен күрөшүү, киберкоопсуздук боюнча кызматташуулар талкууланганын» Твиттерге жазды.

Былтыр 9-июнда президент Садыр Жапаров Түркияга расмий сапар менен барып, түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушкан. Анда айыл чарба, маданият, спорт жана жаштар маселелери боюнча меморандумдарга жана биргелешкен билдирүүгө кол коюлган. (ElB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG