Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:01

Бишкек мэриясы жергиликтүү автобустарды азырынча сатып ала албай турган себебин айтты


Президент Садыр Жапаров «Белес.kg» автобусун өзү текшерип көргөн. Архивдик сүрөт.
Президент Садыр Жапаров «Белес.kg» автобусун өзү текшерип көргөн. Архивдик сүрөт.

Кыргызстан алгачкы жолу өзү кураштыра баштаган автобустарды Бишкек мэриясы донордук акчага азырынча сатып ала албай турганы бүгүн 19-апрелде Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитетинде айтылды.

Комитеттин жыйынында Азия өнүктүрүү банкынын шаардык транспортту электрлештирүү долбооруна бөлө турган каражаты боюнча маселе каралып, анда Бишкек мэриясынын Транспорт департаментинин директору Максат Нусубалиев автобус чыгаруучу «Белес.kg» ишканасы менен сүйлөшүү болгонун, бирок баасы жана башка шарттары боюнча туура келбей жатканын билдирди:

“Ишканадан расмий кат келди. 500 даанадан өйдө алсаңар дүң баа боюнча 178 500 евродон бергенге даярбыз, аткаруу мөөнөтү 12 ай деп жатышат. Бул өтө эле кымбат. Мисалы, дүйнөлүк бренддердин баасы буга караганда бир топ төмөн”.

Автобус кураштыруучу «Белес.kg» ишканасы чыгара турган алгачкы 10 автобусту мамлекет сатып аларын быйыл 15-февралда компаниянын иши менен таанышканы барганда президент Садыр Жапаров билдирген жана бул транспорт каражаты жакшы болуп чыкса, келечекте ишкана менен туруктуу негизде кызматташуу мүмкүнчүлүгү карала турганын айткан.

Азия өнүктүрүү банкынын долбоору алкагында жергиликтүү автобустарды сатып алууга мүмкүнчүлүк бербеген башка да себептер бар экенин вице-мэр Бактыбек Абдиев кошумчалады. Анын айтымында, донор уюм бул рынокто үч жылдан кем эмес убакыттан бери сатылуучу, электр менен жүрүүчү, кепилдик мөөнөтү узагыраак автобустарды сатып берүүгө даяр. Ал эми «Белес.kg» ишканасынын автобустары газ менен жүрөрү, сертификациядан өтө электиги, кепилдик мөөнөтүнүн аздыгы аны бул долбоорго катыштырууга мүмкүнчүлүк бербей жатат.

Абдиев мэрия жергиликтүү бюджеттен 1 миллиард сомго тендер жарыялаганын, «Белес.kg» ошого катышса болорун кошумчалады.

Депутат Тазабек Икрамов мэрияны жергиликтүү ишкерлерди колдоого чакырып, сырттан алып келүү жемкорлукка жол ачарын айтты:

“Эгер бизден чыккан автобусту алса баары ачык-айкын, баары билинип турат. Ал эми Кытайдан же башка жактан ала турган болсо сөзсүз коррупциялык иштер бар. Акча жемей”.

Автобус кураштыруу менен алектенген алгачкы ишкана Чүй облусунда жайгашкан. SAE (АКШ) автоунаа инженерлери берген тастыктама өндүрүштү уюштурууга жана дүйнөлүк компаниялар менен кызматташууга жол ачкан.

Кыргызстанда коомдук автоунаа маселеси орчундуу көйгөйлөрдүн бири. Тейлөөнүн сапатына жана транспорттун жетишсиздигине байланыштуу бир нече жолу нааразылык акциялары өткөн.

Бишкек мэриясынын автобус сатып алууларына байланыштуу буга чейин бир нече кылмыш иши козголуп, мурдагы жетекчилер жоопко тартылган.(RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG