Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:53

Жаңы Ак үйгө алмашыла турган жердин болжолдуу дареги айтылды


Садыр Жапаров президенттик администрациянын жаңы имаратынын курулушун баштоо учурунда. 15-апрель, 2022-жыл.
Садыр Жапаров президенттик администрациянын жаңы имаратынын курулушун баштоо учурунда. 15-апрель, 2022-жыл.

Жаңы Ак үйдү кура турган компанияга берилери айтылган 16 гектар жердин болжолдуу дареги белгилүү болду.

Президенттин иш башкармалыгынын алдындагы Социалдык-экономикалык жана административдик объектилерди куруу, реконструкциялоо боюнча жаңыдан түзүлгөн дирекциянын жетекчиси Марат Турсунбековдун айтымында, жер шаардын түштүк тарабында жайгашкан.

Турсунбеков маалымат агенттиктердин бирине мурдагы "Ысык-Көл" мейманканасынын маңдайына дагы административдик имарат курула турганын билдирген.

"Президенттин иш башкармалыгында болгон жер инвесторго сунушталып жатат. Менин билишимче, бул жер алтыга бөлүнүп кеткен. Мурдагы "Ысык-Көл" мейманканасынын маңдайында келечекте Министрлер кабинетинин административдик имараты курулат. Башкача айтканда, бардык министрликтерди ошол жакка көчүрүп, Казакстандагыдай бардыгы бир жерде болсун деп жатабыз. Бул шаарды бошотуу үчүн зарыл. Карагылачы, азыр машине айдаганга мүмкүн болбой калды, тыгын. Шаардан келген транспорттун дээрлик 30 пайызы ошол жакка барат. Президенттик аппаратта 5-6 миңдей адам иштейт. Баары ошол жакка көчөт. Бул жаманбы? Министрлер кабинетинин имаратынын долбоору даярдалууда", - деген Турсунбеков.

18-апрелде президенттин иш башкармалыгы жаңы Ак үйдү TS Group компаниясы кура турганын бышыктаган. Турсунбеков курулушту алууну каалаган компаниялар көп экенин, аларга имарат куруп бергени үчүн жер сунушталып жатканын билдирген.

Мындан сырткары президенттик администрацияны курууга бир нече компания катыша турганын, алардын бир бөлүгү белгилүү болуп, калганы аныктала электигин айткан. Турсунбеков инвестор жергиликтүү компания экенин белгилегени менен кимдер экенин ачык айткан эмес.

Буга чейин бийлик 21 миң чарчы метр аянтты ээлеген жаңы Ак үйдүн чыгымын инвесторлор көтөрө турганын, бул үчүн аларга Бишкектен 16 гектар жер берилерин билдирген.

Президенттин администрациясы жайгаша турган имаратты кайсы инвесторлор салып, жер аларга кандай шартта, кайсы аймактан берилгенин айткан эмес.

Ушундан кийин бир катар жарандык активисттер инвестордун атын жана кандай шартта куруп берип жатканын жарыялоону талап кылган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG