Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:29

Баткен: айыл өкмөттөрдүн чыры борборго жетти


Бекжан Жалилов, Саатбек Эгембердиев.
Бекжан Жалилов, Саатбек Эгембердиев.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Лейлекте териштирүү жүргөндөн кийин абакта отурган мурдагы айыл өкмөт башчылары үй камагына чыкты. Аларга каршы тараптар Иманкуловду экинчи тарапка тартты деп айыпташууда. Борбордун кийлигишүүсүн талап кылган окуянын жаңы жагдайлары кандай?

Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн депутаттары экенин айткан сегиз адам жакында Баткенге барып келген коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкуловдун үстүнөн жогорку бийлик жетекчилерине кайрылды.

Анда 27-мартта камалган Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн мурдагы башчылары Саатбек Эгембердиев менен Бекжан Жалилов Иманкуловдун кийлигишүүсү менен бошотулганы жазылган.

“Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов соттук ишке кийлигишип, шектүүлөр үй камагына бошотулду. Биз бул чечимден башкы прокурор Курманкул Зулушевден шектүүлөрдү бошотууну бир канча жолу суранган Иманкуловдун жеке кызыкчылыгын көрүп жатабыз. Анын аракети мамлекеттин саясий күн тартибине каршы келет, анткени башкы прокурор Зулушев Жогорку Кеңеште Эгембердиев менен Жалилов мыйзамдуу камалды деп билдирген”, - деп айтылат кайрылууда.

Кайрылуу жолдогон Кыдырбек Айбалаев, Кенжебек Салимбеков, Акжол Муратов, Коңурбай Бостонов, Миңжигит Саттаров, Темирбек Гүлжигитов, Ташкенбай Исмаилов жана Кубанычбек Тургунов Коопсуздук кеңешинин катчысын "акча алды" деп айыпташкан.

Анткен менен жогорудагы сегиз адамдын ичинен Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Турабай Бостоновдун уулу Коңурбай Бостоновдон башкасы маалымат берүүгө макул болгон жок.

Коңурбай Бостонов Иманкулов алар менен жолукпай кеткендиктен, ар кандай ойлор айтылып жатканын билдирди.

“Иманкулов келди дагы өздөрүнүн адамдары менен гана сүйлөшүп, башкалар менен сүйлөшкөн да, чакырган дагы жок. Башкаларды чакырган дагы жок. Акча алгандыр да, ошол үчүн булар менен сүйлөшүп, эртеси мейманканадан Эгембердиев. Жалиловдор менен сүрөткө түшүп кетти. Анан акча алды деп ойлойсуң да. Булар социалдык тармак аркылуу акча жыйнады го”.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов кайрылууда айтылгандарды негизсиз деп атап, Жаңы-Жер айыл өкмөтүнө президенттин тапшырмасы менен барганын айтты.

Марат Иманкулов.
Марат Иманкулов.

“Мен ал жакка президенттин тапшырмасы менен баргам. Эл менен айыл өкмөттүн имаратында жолуктум. Көп киши болду. Сен кел, сен келбе деп кантип жасамак элем? Ал жерде эки жаат болуп бөлүнүп алыптыр. Жолуккан адамдар Бостонов деген киши жөнүндө көп айтты. Мен текшерип көргөн жокмун, бирок алар “миллион эмес, миллиарддарды уурдап, мамлекеттин имараттарын менчиктештирип, кайра мамлекетке ижарага берип жүргөн адамдарды карабайсыңар дагы, алардын айыбын ачып, иштеп жаткан балдарды камайсыңар” деген доомат айтты. Мен өзүңөрдүн ишиңер дагы ушундай болуп жатыптыр, тергөө аныктасын, алар күнөөлүү болсо алар, силер күнөөлүү болсоңор силер жооп бересиңер дедим. Чыгарам дегидей сот белем же прокурор белем? Акча алды деп кызык адамдар экен. Өмүрү акча албаган, ошол чыр жерге барып алып акча алмак белем?".

Иманкулов ага арыз жазган жергиликтүү кеңештин депутаттарынын артында Жаңы-Жер айыл өкмөтүндөгү чыр-чатактын экинчи тарабы турушу мүмкүн деп ойлойт.

Ага каршы даттанган депутаттар Иманкулов камактан чыккан Саатбек Эгембердиев жана Бекжан Жалилов менен сүрөткө түшкөнүн дагы негиз кылышууда. Марат Иманкулов алардын өтүнүчү менен сүрөткө түшкөнүн, мындан эч кандай кылмыш көрбөй турганын айтты.

Өткөн айда иликтөөчү журналист Ыдырыс Исаков Лейлек районундагы Жаңы-Жер айыл өкмөтүндөгү тилкелерди бөлүштүрүүдөгү мыйзам бузуу тууралуу сюжет жарыялаган.

Анда аталган айыл өкмөтүн 2000-жылдардан кийин он жылдай жетектеген Турабай Бостонов жер бөлүштүрүүдө алешемдикке жол бергени, аны облустук прокуратуранын кызматкерлери калкалаганы, мамлекетке таандык элүүдөн ашык мүлктү жакындарына мыйзамсыз менчиктештиргени айтылып, бул тууралуу Саатбек Эгемберидев менен Бекжан Жалилов далилдерди келтирген. Аты аталгандар дооматтарды четке каккан.

Башкы прокуратура бул материалдын негизинде текшерүү жүрүп жатканын маалымдап, көп өтпөй аталган тасмада мыйзамсыздык боюнча айтып чыккан Жаңы-Жер айыл аймагынын мурдагы башчылары Саатбек Эгембердиев менен Бекжан Жалилов, учурдагы жооптуу катчы Акжол Абдуллаев камакка алынган. Кийин Абдуллаев үй камагына чыгарылган.

Чырда аты аталган Баткен облусунун прокурору Нуркамал Набиев, Лейлек районунун прокурору Жуманазар Асадов, Сүлүктү шаарынын прокурору Курсан Калмурзаев кызматтан алынган.

Эгембердиев менен Жалиловдун камалышына нааразы болгон Лейлек районунун тургундары бир канча жолу нааразылык акцияларын уюштуруп, башкы прокурор Курманкул Зулушевдин үстүнөн президентке кайрылган.

Журналист Ыдырыс Исаков коопсуздук кеңешинин катчысына каршы жергиликтүү депутаттарынын кайрылуусу Баткендеги кландардын кармашын дагы бир жолу далилдеди деп эсептейт.

Ыдырыс Исаков.
Ыдырыс Исаков.

“Эми ошондой жогору кишилерди майда-чүйдө иш менен деле булгабай коюш керек эле да. Алар андай майда иш менен булгана турган деле киши эмес эле. Буга чейин аларды эч ким укпай аткан. Керек болсо Зулушевди дагы ынандырып салышкан. Марат Иманкулов болсо барды дагы, мыйзамда кандай болсо ошону талап кылды. Кландардын согушу болуп жатат десек болот”.

Президенттин жакын санаалашы катары, акыркы учурда аты көп окуяларда аталып жаткан Арзыбек Бурхановдон комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Үч прокурорду кызматтан алдырып, эки айыл өкмөтүн каматып кайра чыгарган бул иштин артында таасирдүү адамдар турары айтылып келет.

Баткен облусунда Лейлек районундагы Достук айылынын тургундары "Коррупция" беренеси менен айыпталып кармалган Жаңы-Жер айылдык кеңешинин төрагасы Саатбек Эгембердиевди жана Бешкент айыл өкмөтүнүн башчысы Бекжан Жалиловду бошотууну талап кылган бир нече акция өткөрүшкөн.

2118 адам кол койгон кайрылуу президент Садыр Жапаровго жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге жолдонгон.

  • 16x9 Image

    Марат Тагаев

    Марат Тагаев – “Азаттык” радиосунун кабарчысы. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG