Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:02

Марат Иманкулов депутаттардын арыздануусуна жооп берди


Марат Иманкулов.
Марат Иманкулов.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Баткен облусунун Лейлек районундагы Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн депутаттарынын өзүнө каршы арыздануусун негизсиз деп атады.

Иманкуловдун айтуусунда, 12-апрелде Жаңы-Жер айыл өкмөтүнө президенттин тапшырмасы менен барган.

“Мен ал жакка президенттин тапшырмасы менен баргам. Ал жерде эки жаат болуп бөлүнүп алыптыр. Жолуккан адамдар Бостонов деген киши жөнүндө көп айтты. Мен текшерип көргөн жокмун, бирок алар “миллион эмес, миллиарддарды уурдап, мамлекеттин имараттарын менчиктештирип, кайра мамлекетке ижарага берип жүргөн адамдарды карабайсыңар дагы, алардын айыбын ачып, иштеп жаткан балдарды камайсыңар” деген доомат айтты. Мен өзүңөрдүн ишиңер дагы ушундай болуп жатыптыр, тергөө аныктасын, алар күнөөлүү болсо алар, силер күнөөлүү болсоңор силер жооп бересиңер дедим. Чыгарам дегидей сот белем же прокурор белем?".

Иманкулов ага арыз жазган жергиликтүү кеңештин депутаттарынын артында Жаңы-Жер айыл өкмөтүндөгү чыр-чатактын экинчи тарабы турушу мүмкүн экенин кошумчалады.

17-апрелде Лейлектеги Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн сегиз депутаты мартта камалган Жаңы-Жер айылдык кеңешинин төрагасы Саатбек Эгембердиев менен Бешкент айыл өкмөтүнүн башчысы Бекжан Жалилов үй камагына коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкуловдун кийлигишүүсү менен чыкты деп кайрылуу жасаган. Алар коопсуздук кеңешинин катчысын акча алды деп айыпташкан.

Өткөн айда иликтөөчү журналист Ыдырыс Исако Жаңы-Жердеги жер бөлүштүрүүдөгү мыйзам бузуу тууралуу сюжет жарыялаган. Анда айыл өкмөттүн мурдагы жетекчилери алешемдикке жол бергени, аларды облустук прокуратуранын кызматкерлери калкалаганы айтылган. Аты аталгандар дооматтарды четке каккан.

Башкы прокуратура бул материалдын негизинде текшерүү жүрүп жатканын маалымдап, көп өтпөй аталган тасмада мыйзамсыздык боюнча айтып чыккан айыл аймактын мурдагы башчылары Саатбек Эгембердиев менен Бекжан Жалилов, учурдагы жооптуу катчы Акжол Абдуллаев камакка алынган. Кийин Абдуллаев үй камагына чыгарылган.

Буга нааразы болгон Лейлек районунун тургундары бир канча жолу нааразылык акцияларын уюштурган.

Чырда аты аталган Баткен облусунун прокурору Нуркамал Набиев, Лейлек районунун прокурору Жуманазар Асадов, Сүлүктү шаарынын прокурору Курсан Калмурзаев кызматтан алынган.

Кайрылууга кол койгон депутаттардын арасында Кыдырбек Айбалаев, Кенжебек Салимбеков, Акжол Муратов, Коңурбай Бостонов, Миңжигит Саттаров, Темирбек Гүлжигитов, Ташкенбай Исмаилов жана Кубанычбек Тургунов бар. (MTa)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG