Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:52

Атамбаев №27 колонияга которулду


Алмазбек Атамбаев. Архивдик сүрөт.
Алмазбек Атамбаев. Архивдик сүрөт.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев бүгүн 18-апрелде Бишкектеги №47 колониядан Чүйдүн Молдовановка айылындагы №27 колонияга которулду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жаза аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова билдирди.

Өткөн аптада журналисттердин суроосуна жооп берип жатып Атамбаев өзү Чүйдүн Петровка айылындагы №8 колонияга которууну өтүнгөнүн айткан.

Кармалган күндөн тартып мурдагы президент бир жылдан ашуун убакыт бою Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурган. Абактагыларды дарылоо мекемеси катары белгилүү №47 колонияга 2020-жылдын октябрында которулган.

Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Атамбаев 2019-жылы "Батукаев иши" боюнча Кой-Таштагы үйүндө кармалып, камакка алынган. Кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу ал 11 жылга эркинен ажыратылды.

Мындан тышкары Атамбаев “Кой-Таш иши” (аны колго түшүрүү операциясында бир офицер каза болуп, 175 адам жараат алган), 2020-жылдын октябрындагы Бишкектеги башаламандыктар, кылмыштуу жол менен алынган кирешени адалдаштыруу, Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу жемкорлук, борбор калаанын Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушуна бөлүнгөн акчадан уурдоо, паспортторду мыйзамсыз жазып берүү иштери боюнча да айыпталып жатканын Бишкектин Биринчи Май райондук соту билдирген. Атамбаев өзү бул айыптоолорду саясий куугунтук катары баалап келет. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG