Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:56

Зомбулукка каршы өнөктүк жүрүүдө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда зордук-зомбулукка каршы саясатты калыптандырууга багытталган өнөктүк жүрүүдө. Акцияны уюштурган “Кыйноолорго каршы коалиция” уюму “Азаттыкка” бүгүн 18-апрелде билдиргендей, "Татаал жѳнүндѳ жѳнѳкѳй"​ деген ураан менен өтүп жаткан өнөктүктүн максаты – республиканын бардык аймактарын кыдырып, зомбулуктун кандай гана түрү болбосун, кабыл алынгыс экенин элге түшүндүрүү.

Коалицияга мүчө уюмдардын өкүлдөрү жер-жерлерде эл менен жолугушууларды өткөрүп жатышат жана аларга прокуратуранын, милициянын, акыйкатчынын, Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү да чакырылууда.

Негизги көңүл жаштарга, аялдар уюмдарына, аксакалдар сотторуна бурулуп, аларга адам укутары, зордук-зомбулуктун себеби жана жаза чаралары тууралуу кеңири маалымат берилүүдө.

Бул күндөрү жолугушуулар Талас, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында өтүп жатат. Ушул аптада Нарын, Ош жана Баткен облустарын да камтуу пландалууда.

Иш-чара сентябрь айына чейин уланат жана ар бир облус камтылат.

2011-жылы негизделген «Кыйноолорго карыш коалиция» уюмунун курамында 13 укук коргоо уюму бар.

Укук коргоочулардын айтымында, Кыргызстанда кыйноо фактылары негизинен кылмышка шектүү адам жаңы кармалганда, милиция бөлүмүндө катталат. Ички иштер министрлиги мындай окуялар жок эмес экенин, кызматкерлер арасында түшүндүрүү иштери жүрүп турарын билдирип келет.

Ал эми жай турмушта зордук-зомбулукка көбүнчө балдар жана аялдар туш болот. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG