Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:28

Каттоодон өтпөй калгандар үчүн байланыш номуру иштей баштады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Эл каттоонун биринчи этабында кайсы бир себептен улам каттоого алынбай калгандар үчүн 1216 номуру аркылуу «тынымсыз байланышы» кызматы иштеп жатканын бүгүн 18-апрелде Улуттук статистика комитети билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, учурда контролдук каттоо өнөктүгү жүрүүдө.

Өлкөнүн эл жана турак жай фондун каттоонун биринчи этабы 25-мартта башталып, 3-апрелде аяктаган. Алыскы тоолуу райондорду камтый турган экинчи этап 23-апрелде башталып, 2-майда жыйынтыкталат.

Мамлекеттик масштабдагы каттоо өлкө аймагында жашаган калктын расмий санын аныктоо үчүн он жылда бир жүргүзүлөт. 2019-жылга пландалган каттоо коронавирус пандемиясына байланыштуу быйылкыга которулган. Каттоодон өлкөдө жашаган ар бир адам, анын ичинде бир жылдан ашуун убакыттан бери Кыргызстанда жүргөн чет өлкөлүктөр да өтөт. Чет жактагы кыргызстандыктар эгер бир жылга чейинки мөөнөткө кеткен болсо каттоого алынат, ал эми бир жылдан ашык убакытка болсо, анда Кыргызстандын калкынын санына кирбейт.

Каттоонун баштапкы жыйынтыгы сентябрь-октябрь айларында, ал эми расмий жыйынтыгы бир жылдан кийин жарыяланат.

Соңку маалымат боюнча, Кыргызстандын калкы 6,5 миллионго чамалады. Өлкө эгемендик алган 1991-жылдан бери каттоо ушуну менен үчүнчү жолу өтүүдө. Биринчиси 1999, экинчиси 2009-жылы уюштурулган.

Биринчи этап учурунда каттоого алынбай калгандар, аларга каттоочу барбаганын айткандар аз эмес болууда. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG