Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:51

Айт намазына байланыштуу эски аянт оңдолуп жатат


Эски аянттагы айт намаз. 2019-жыл.
Эски аянттагы айт намаз. 2019-жыл.

Орозо айтка байланыштуу Бишкектеги эски аянттын тегереги оңдолууда. Эки жылдан бери бул жерде жапырт намаз окууга уруксат берилбей келген.

Мэриянын басма сөз катчысы Назгүл Жамгырчиева 2-майда Бишкектин борбордук бөлүгүндө айт намазы окуларын, ушуга байланыштуу асфальты жаңыланып, айланасы иреттелип жатканын "Фейсбукка" жазды.

Мурдагы өкмөт үйүнүн, азыркы Президенттик админстрациянын алдындагы эски аянтта 2020-жылга чейин Орозо айт жана Курман айт намаздары миңдеген кишинин катышуусунда окулуп келген. Коронавирус пандемиясынан улам 2020-жылы жапырт намаз окууга тыюу салынган.

Мусулмандардын бир айлык ыйык орозо айы апрелдин соңунда аяктап, Айт майрамы болжол менен 1-2-майга туш келери кабарланган. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG