Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:14

"Москва" крейсеринин айрым матростору табылбай жатат


Орусиянын "Москва" крейсери, Кара деңиз, 16-ноябрь 2021-жыл.
Орусиянын "Москва" крейсери, Кара деңиз, 16-ноябрь 2021-жыл.

"Москва" крейсеринин матросу - Марк Тарасовдун энеси баласын таппай жатканын билдирди. Ульяна аттуу аял кеме Кара деңизге чөгүп кеткенден кийин уулу дайынсыз жоголгонун "ВКонтакте" социалдык түйүнүнө жазган. Бул тууралуу "Агентство" басылмасы кабарлады.

Тарасов былтыр 15-декабрда кызматка кеткенин досу аталган басылмага тастыктаган.

Мурдараак Ялтанын тургуну Дмитрий Шкребец да "Москва" крейсеринде кызмат өтөп жаткан 20 жаштагы уулу Егордун дайыны чыкпай жатканын айткан.

Орусия Кара деңиздеги флотунун флагманы деп саналган "Москва"крейсери 14-апрелде чөгүп кеткени расмий маалымдалган. Орус тарап кемеде ок-дарылардын жарылуусунан улам өрт тутанып, андан крейсердин корпусу жабыркап, чөгүп кеткенин билдирген. Украинанын Түштүк командачылыгынын офицери Владислав Назаров кемелерди бутага алган "Нептун" ракетасы менен Кара деңиз аймагында "Москва" крейсерине сокку урулганын маалымдаган.

Орусия Украинага 24-февралда бастырып кирген. Согушта миңдеген адамдын өмүрү кыйылды. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG