Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:10

Орусиянын 750 миллион долларлык крейсери чөгүп кетти


Орусиянын "Москва" крейсери, Кара деңиз, 16-ноябрь 2021-жыл.
Орусиянын "Москва" крейсери, Кара деңиз, 16-ноябрь 2021-жыл.

Орусия Кара деңиздеги флотунун флагманы деп саналган "Москва"крейсери чөгүп кеткенин ырастады. Буга чейин украин күчтөрү бул аскердик кемеге "Нептун" ракетасы менен сокку урганын жарыялаган. 15-апрелге караган түнү Киев, Херсон жана Харьков шаарларында катуу жарылуу болгону кабарланды.

"Москва" ракеталык крейсери Кара деңизге чөгүп кеткенин Орусиянын Коргоо министрлиги бейшембинин кечинде жергиликтүү маалымат агенттиктерине ырастады. Орус тараптын жүйөсүнө ылайык, кемеде ок-дарылардын жарылуусунан улам өрт тутанып, андан крейсердин корпусу жабыркаган. Мындан улам кемени портко сүйрөп жеткирүүгө аракет кылышкан. Бирок крейсер тең салмагын жоготкон.

"Деңиздеги бороондуу толкун шартында кеме чөгүп кетти", - деп айтылат билдирүүдө.

Азырынча бул окуяда канча киши жабыркаганы же каза тапканы так белгисиз. Орусия кеменин экипажы эвакуацияланганын билдирүүдө. Бир күн мурда украин күчтөрү орус крейсерине сокку урганын жарыялашкан.

"Кемелерди бутага алган "Нептун" ракетасы менен Кара деңиз аймагында "Москва" крейсерине сокку урулду. Орусиянын Кара деңиздеги флотунун флагманы олуттуу жабыркады. Өрт башталды. Башка бөлүктөр жардам берүүгө аракет кылды. Бирок бороон жана ок-дарылардын катуу жарылуусунан улам кеме аласалып, чөгө баштады", - деп билдирген Украинанын Түштүк командачылыгынын офицери Владислав Назаров.

"Моралдык жактан да чоң сокку"

Аскердик кемелерге каршы ракеталар жана абадан коргонуу комплекстери менен жабдылган "Москва" крейсери 1979-жылы колдонууга берилген. Forbes журналы бул кеменин чөгүп кетишин Орусиянын Украинадагы эң кымбат жоготуусу деп мүнөздөдү. Басылманын болжолдуу эсебине ылайык, крейсердин баасы 750 миллион долларга жетет.

Бул аскердик кеме Украинадагы согуштун алгачкы күндөрүндө Змеиный аралына чабуул коюуга катышкан. Аралдагы украин аскерлеринин крейсердин багынып берүү тууралуу талабын четке кагып, аны сөккөн сөздөрү интернетке желдей тараган.

АКШнын Коргоо министрлиги бул крейсер эмнеден улам чөгүп кеткенин жана экипаждын канча мүчөсү эвакуацияланганын азырынча ырастай албастыгын, бирок кеменин иштен чыгышы Орусиянын Кара деңиздеги иш-аракетине таасир этпей койбостугун билдирди.

"Бул кеме абадан коргонууга ылайыкташкан. Ошондой максатта жасалган. Биздин крейсерлерден анчейин айырмаланбайт. Андыктан бул жагдай алардын кыска мөөнөттөгү күч-кудуретине таасирин тийгизет. Деңиз флотунун ишмердигине узак мөөнөттүк кандай таасири болору азырынча белгисиз", - деп билдирди Пентагондун басма сөз катчысы Жон Кирби.

Батыштагы айрым аскердик эксперттер "Москва" крейсеринин чөгүп кетишин Орусия үчүн моралдык жактан да чоң сокку катары мүнөздөп жатышат. Алардын айтымында, эгер кемеге украин ракетасы тийгени ырасталса, анда бул жагдай крейсердин абадан коргонуу системасы жакшы иштебегенин көрсөтөт.

Киев аскердик кемеге сокку урууда колдонгонун айтып жаткан "Нептун" ракетасы Украинанын өзүндө жасалып, 2020-жылдан тарта колдонула баштаган. Бул канаттуу ракеталар 280 чакырымга чейинки алыстыктагы кемелерди аткылай алат.

Украинанын "Нептун" ракеталык комплекси.
Украинанын "Нептун" ракеталык комплекси.

Украинанын дымагы, Орусиянын эскертүүсү

Украин президенти Владимир Зеленский бейшембинин кечиндеги видео кайрылуусунда, орус крейсеринин атын атабаса да, бул аскердик кеме тууралуу сөз кылды. Ал Украина соңку 50 күндөн бери Орусиянын чабуулдарынан ийгиликтүү коргонуп жатканын айтып, буга орус кемеси чөгүп кетерин далилдеген адамдардын да салымы бар экенин ишарат кылды.

"Биздин аман каларыбызга эч ким толук ишенген эмес. Баардыгы тилектештигин билдиришкен. Көпчүлүгү өлкөдөн чыгып кетүүгө чакырган. Тиранияга багынып берүүнү сунуш кылышкан. Бирок алар бизди билген эмес. Украиндер канчалык эр жүрөк экенин, эркиндикти канчалык баалай турганыбызды билген эмес", - деди Зеленский.

Ал Орусия Украинанын чыгышындагы жаңы чабуулдарына даярданып жатканын дагы бир жолу эскертти.

Жергиликтүү медиа кабарлагандай, 15-апрелге караган түнү украин баш калаасы Киевде, түштүктөгү Херсон, чыгыштагы Харьков жана батыш тараптагы Ивано-Франковск шаарларында жарылуунун добушу угулду. Орусиянын Коргоо министрлиги да Киев аймагын бутага алганын билдирүүдө.

"Түндө Киевдин жанындагы аскердик объектке жогорку тактыктагы "Калибр" ракетасы менен сокку урулду. Жулянск машина куруу заводуна урулган соккудан узак жана орто аралыктагы зениттик ракеталык комплекстерди жана кемелерге каршы ракеталарды чыгарган жана оңдоп-түзөгөн цехтер жок кылынды", - деп билдирди Орусиянын Коргоо министрлигинин өкүлү Игорь Конашенков.

Ал эгер Украина Орусиянын аймагында кандайдыр бир диверсиялык аракеттерге барса, орус күчтөрү Киевди бутага алган ракета чабуулдарын көбөйтө турганын эскертти.

Украин армиясы жума күнү билдиргендей, ушул тапта Орусиянын армиясы Луганск облусундагы Попасная жана Рубежное шаарчаларына көзөмөлүн орнотууга аракет кылып жатат. Бирок украин күчтөрү чабуулдардын мизин кайтарып жатат.

Орусия Украинага 24-февралда басып кирген. Андан бери Украинада миңдеген жайкын тургундардын жана аскерлердин өмүрү кыйылды. Согуштан улам чет өлкөгө качкан украин жарандарынын саны 5 миллионго жетти.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG