Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:23

COVID-19: оору жуккан учур катталган жок


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Саламаттыкты сактоо министрлиги Кыргызстанда соңку бир суткада (18-апрелде) коронавирус жуктуруп алгандар катталбаганын билдирди. Маалыматка караганда 7 киши сакайып чыкты.

Ушул тапта 27 ооруканада, 40ы үйлөрүндө дарыланып жатат.

Өлкөдө ооругандарын жалпы саны 200 980 адам болду, 2991 бейтап көз жумду.

Кыргызстанда 18-апрелге карата коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын 1,5 миллиондон ашык адам алды, ал эми толук эмделгендер 1,2 миллиондон көп. Бустердик (үчүнчү) доза 161 миңден ашуун кишиге сайылды.

Дүйнөдө жалпысынан 504 миллион 570 миңге чукул адам бул илдетке чалдыккан, каза болгондор - 6 миллион 198 миң 235 адам. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG