Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:27

Менчиктештирүү саясаты: мамлекет пайда көрбөгөн мүлктөр


Бишкек штамп заводу.
Бишкек штамп заводу.

Президент Садыр Жапаров мындан бир жыл мурда мамлекетке караштуу мүлктөрдүн көбүн сатууну сунуштаган жана менчиктештирүү жараянын бир жылдын ичинде аягына чыгарууну тапшырган. Депутаттык топтун жыйынында жыл ичинде бир дагы мамлекеттик мүлк менчиктештирилбегени белгилүү болду.

Президенттин бир жыл мурунку тапшырмасы

Былтыр май айында президент Садыр Жапаров мамлекеттик ишканаларга караганда жеке менчик ээлери натыйжалуу иштей турганы ырасталганын айткан. Ошол себептүү мамлекеттик ишканаларды жеке менчикке өткөрүү жараянын баштоону тапшырган.

"Биздин милдет — мамлекеттик ишканаларда реструктуризация жүргүзүп, келечекте жеке менчикке өткөрүү. Ал эми стратегиялык объектилерде кызмат көрсөтүү сервистерин менчиктештирүү керек. Мамлекеттик мүлк фонду бул ишти аяктаган соң жоюлушу кажет. Менчиктештирүүгө жатпаган мамлекеттик мүлктү болсо министрликтерге жана ведомстволорго, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүүсү керек. Бул жумушту аткаруу үчүн бир жыл жетиштүү деп ойлойм".

"Менчиктештирүү узакка созулган процесс экен"

Парламенттеги "Элдик" депутаттык тобу 15-апрелде Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун бул багытта аткарып жаткан иштери менен таанышты.

Мамлекттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Мирлан Бакировдун айтымында, президент тапшырган иштин бир жыл ичинде шыр жүрүп кетпегенине мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү процессинин татаалдыгы себеп болууда.

“Президент тарабынан тапшырма коюлган. Менчиктештирүү абдан узакка созула турган процесс экен. Себеби, өкмөт сунуштайт, Жогорку Кеңеш бекитет, андан кийин баалоочу тандалат. Ал баалайт, комиссия карап чыгат. Ошентип бир топ убакытка созулуп кетүүдө. Баалоочулар мамлекеттик мүлктү баалоого кызыкдар эмес. Себеби, буга чейин баалап, ага иш козголуп, ар кандай себептер менен баалоочу компаниялар жетиштүү болбой жатат”.


Мамлекеттик мүлктү менчикке берүү үчүн ал мүлк Жогорку Кеңеш аркылуу атайын программага киргизилиш керек. Мамлекеттик фонд буга чейин “Менчиктештирүү–2020-2022” деген программага 25 мамлекеттик мүлктү киргизген.

Бакировдун айтымында, бул программага кирген үч объектинин; Евразия сактык банкы 76,56%, Кепилдик фонду 8,78% жана Керемет банктагы 0,74% мамлекеттин үлүштөрү баасы бычылып, сатыкка чыкканы турат. Ал эми "Кыргыз почтасы" ишканасы акционердик коомго айлана турган болду.

Андан тышкары беш ишкананы баалоо иштери аяктап калды. Алар: "Кайыңды кабел", "Кыргызское", "Бакай банк" ачык акционердик коомдору, BACO, "Сарамжал-транс" жоопкерчилиги чектелген коомдору.

"Мүлк фонду маалыматтарды жашырып жаткандай"

“Элдик” депутаттык тобунун лидери Акылбек Түмөнбаев президент мамлекеттик мүлктөрдүн натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн менчиктештирүү жараянын баштаганына карабай натыйжа бербей жатканын айтты.

“Мамлекеттик компаниялар өз максатын актабай, эффективдүү киреше алышкан жок, ошол эле рыноктук шарттарда жеке компаниялар натыйжалуураак иштеп жатат. Тилекке каршы, көрүлгөн чаралар каалаган натыйжаны бербей жатат. Мамлекеттик мүлк фонду мамлекеттик ишканалардын каржы-чарбалык ишмердүүлүгү тууралуу маалыматты жөн эле жашырып жаткансыйт”.

Мамлекеттик акционердик коомдор

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунда экономиканын ар кандай тармактарында иш жүргүзгөн 49 акционердик, 16 жоопкерчилиги чектелген коом бар.

  • Учурда 49 акционердик коомдун отузу иштейт. 30 ишкананын ичинен 22синде мамлекеттин үлүшү 51% ашык.
  • 16 жоопкерчилиги чектелген коомдун алтысы гана иштейт. Алардын төртөөсүндөгү мамлекеттин үлүшү 51% ашык.
  • Мамлекеттин үлүшү бар ишканалар былтыр жалпысынан 11 млрд. сом киреше тапкан. Анын 2 млрд. 700 млн. сому республикалык бюджетке которулуп, калган каражат ишканалардын өнүгүүсү үчүн калтырылган.
  • 11 млрд. сомдун 98 пайызын Кыргыз алтын, Манас эл аралык аэропорту, Альфа Телеком (Мегаком), РСК банк, Айыл банк, Мамлекеттик ипотекалык компания, Мамлекеттик камсыздандыруу фонду жана Кыргызнефтегаз ишканалары тапкан.

Аталган компаниялардын кирешеси мурдагы жылга салыштырмалуу өскөн менен дебитордук карызы 10 млрд. сомго кредиттик карызы 5 млрд. сомго көбөйгөн.

Акционердик коомдор мамлекеттик бюджетке двидендден тышкары салык катары 3 млрд. 600 млн. сом, социалдык төлөм катары 1 млрд. 80 млн. сом которгон.

Аларда жалпысынан 15 530, туунду компанияларында 3766 адам иштейт.

Мамлекеттик ишканалар

  • 2020-жылы 104 мамлекеттик ишкана болгон. Алардын бир катары биригип, учурда 93ү калды.
  • Транспорт тармагында – 11, телекомуникация тармагында – 12, айыл чарба тармагында – 24, мамлекеттик геология тармагында – 2 жана башка тармакта 44 мамлекеттик ишканалар бар.
  • 2021-жылы 93 мамлекеттик ишкананын ичинен 33ү киреше менен чыккан.
  • Мамлекеттик ишканалар 2021-жылы башка жылдарга салыштырмалуу эки эсе көп таза кирише таап, 2 млрд. 200 млн. сом менен жылды жыйынтыктап, 790 млн. сом двиденд которгон.
  • Мисалы, Кыргыз темир жолу – 1 млрд. 300 млн, Бишкек штамп заводу – 13 млн, Инфоком – 122 млн, Кыргыз көмүр – 287 млн, Кыргызаэронавигация – 236 млн, Кыргыз почтасы – 2 млн, Манас күйүүчү май куюу комплекси – 185 млн, Кыргыз темир жолунун көпүрө куруу отряды – 29 млн. сом пайда тапкан.
  • Мамлекеттик ишканалар – салык катары 890 млн. сом, социалдык төлөм катары 970 млн. сом которгон. 17 407 адам иштейт.

Мамлекеттик имараттарды ижарага берүү

Ижарага берилген мамлекеттик имараттардын аянты беш жылдын ичинде 2,5 эсе азайган.

2017-жылы 119 802 чарчы метр аянт ижарага берилсе, 2021-жылы ижарага берилген аянт 47 823 чарчы метрге түшүп кеткен.

Мүлктү башкаруу фонду мунун себебин ижарадан түшкөн каражаттын бардыгы республикалык бюджетке түшүп жатканы менен түшүндүрүп, учурда 30% имарат балансында турган мекемеге калтыруу боюнча иштер жүрүп жатканын белгиледи. Мурда ижара акысынын 70% имарат балансында турган мекемеге калчу.

Мамлекеттик имараттарды ижарага берүүдөн 2021-жылы 188 млн. сом түшкөн.

Бир жылда 1300 объект аукционго коюлса, анын 30% гана аукциондо ижарага берилген.

Улутташтырылган имараттар

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун балансында улутташтырылган 47 объект бар. Анын 26сы мамлекеттин балансында калат деп чечилсе, 21и менчиктештирилиш керек.

Мындан тышкары конфискация болгон 125 мүлк бар. Алар, 27 турак эмес жайлар, алты административдик имарат, эки бала бакча, бир көп батирлүү үй, 14 турак жай, 11 батир, 20 жер тилкеси, беш коттедж, 32 автотранпорт, бир самолёт, алты чарбанын акциясы.

15 батир, төрт турак эмес имарат, бир үй кайтарымсыз мүлк фондуна берилген.

Мамлекеттик мүлктү инвентаризациялоо

2016-2019-жылдары Кыргызстандагы материалдык жана материалдык эмес активдерди инвентаризациялоо, идентификациялоо жана кайра баалоо боюнча иш-чаралар жүргөн.

Ага ылайык, мамлекеттик мүлк фондунун балансында 10 миң 414 имарат, 15 миң 165 курулуш, 379 жер тилкеси, 455 курулушу бүтө элек объекти, 8066 автомобиль, 2075 темир жол, суу, аба транспорту, 847 миң 938 жабдуулар, техника, инвентарь, 2245 материалдык эмес активдер бар.

Инвентаризациядан өткөн жалпы мүлктүн баланстык баасы 87 млрд. 117 млн. сом деп көрсөтүлгөн.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун сунушу

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду президенттин мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жараянынан кийин бир катар сунуштарды иштеп чыккан.

Ага ылайык, 10 акционердик, 3 жоопкерчилиги чектелген коомду менчиктештирүү сунушталган.

4 акционердик коом "Энергохолдинг" ишканасына, беш акционердик жана үч жоопкерчилиги чектелген коом жаңы түзүлгөн “Кыргызиндустрия” акционердик коомуна берилет.

10 акционердик, 8 жоопкерчилиги чектелген коом жоюулушу мүмкүн.

Андан тышкары 40 мамлекеттик ишкананы бириктирүү пландалып жатат. Мисалы, Айыл чарба министрлигинин астындагы 24 ишкана балык чарба, асыл тукум жана жер багыты боюнча үч ишканага кошулат.

Он ишкана мамлекеттен каржыланчу мекемеге айланат. Эки мамлекеттик ишкана менчиктештирүү программасы аркылуу акционердик коом болот. Ошентип баш аягы 31 мамлекеттик ишкана калат.

Өкмөттүн мамлекеттик ишканаларды өнүктүрүү планы

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев мамлекеттик үлүшү бар ишканаларды жана акционердик коомдорду өнүктүрүү боюнча кеңешме өткөрүп, жетекчилерге эки жумалык мөөнөттө өнүгүү программаларын даярдап, Экономика жана коммерция министрлигине сунуштоону тапшырды.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Мирлан Бакиров бул иш президенттин менчиктештирүү жараянына каршы келбейт деп эсептейт.

“Карама-каршы келбейт. Учурда акционердик коомдордун жылдык жыйынтыгы чыгып жатат. Ал жыйынтык менен быйыл канча пайда таптык, 2023-2024-жылдары канча пайдага чыга алабыз пландайбыз. Ошондо стратегиялык ой-максаттар аныкталат. Ошол сунуштарды бергиле деди. Ал эми менчиктештирүү мыйзамдуу талаптар менен жүрүп турат”.

Эсептөө палатасынын аудитору Алимжан Байгазаков мамлекеттик ишканалардан түшкөн каражат республикалык бюджеттин 2% гана түзөрүн, бул көңүл жылытчу иш эмес экенин белгиледи.

Депутат Тазабек Икрамов Мамлекеттик мүлк фондунун иши боюнча депутаттык комиссия түзүп, иликтеп чыгууга чакырды.

“Мен сиз (Мирлан Бакировго-ред.) бул фондго келгенден кийин бир топ жылыш алып келет деп ойлогом. Бирок мурда кандай иштесе, ошондой эле болуп жатат. Жаңылануу жок, жылыш жок болуп жатат. Негизи айтпай турган нерселер дагы көп. Депутаттык комиссия түзүп, мүлк фондун иликтеп чыгыш керек. Бул жакта директор болгон адам байыйт, ал эми мамлекет банкрот болот. Өтө кылдаттык менен изилдеп чыгыш керек”.

"Менчиктештирүү ордуна мамлекеттик ишканалар көбөйдү​"

Мурдагы экономика министри Эмилбек Үмөталиев акыркы мезгилде мамлекеттик мүлктөр менчиктештирүүнүн ордуна, мамлекеттик ишканалар көп түзүлүп жатканына токтолду.

“Мамлекеттик мүлктүн бардыгы таза, ачык жол менен элдин колуна өтүш керек. Мүлк мамлекетте кала берсе уурдала берет, жакындарына көмүскө иштетиле берет. Элдин калың катмарына пайдасы аз тиет же тийбейт. Бирок азыр менчик колго өтмөк түгүл мамлекеттик деген чоң долбоорлор башталып, ишканалар ачылып, көбөйүп кетип жатат. Мамлекеттин ишканаларга миллиарддарды бөлүп жатабыз деген коркунучтуу, опурталдуу нерсе”.

Анткен менен мамлекет начар башкаруучу деген аныктамага каршылар дагы бар. Жогорку Кеңештин депутаты, Кыргызстандагы комунисттер партиясынын лидери Исхак Масалиев кошуна өлкөлөр мамлекеттик мүлктү ийгиликтүү башкарып жатканын мисал тартты.

"Мамлекет начар башкаруучу эмес, мамлекет дайындаган адамдар башкара албайт. Өкмөт башчысы, мүлк фондунун жетекчиси башкара албайт десе туура болот. Мына, кошуна мамлекеттерди карагыла, сонун эле башкарып жатат го. Президент баш болуп, аткаруу бийлиги төш болуп колунан келбей жатса бирөөгө шылтоолоп кереги жок. Мен ар дайым мамлекеттик мүлктү менчикке берүүгө каршы болуп келгем. Кыргызстандын эгемен тарыхы ага далил да. Менчикке өткөн жүздөгөн завод-фабрика талкаланып жок болду".

Мамлекеттин менчигиндеги мүлктү сатуу, ижарага берүү, конфискацияланган объектилердин базасында бюджетке киреше алып келүү милдетин Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду аткарат.

Санжар Эралиевдин ишкер Жоодар Сайдилкан менен мамлекеттик мүлктөрдү менчиктештирүү тууралуу маегин бул жерден угуңуз:

  • 16x9 Image

    Марат Тагаев

    Марат Тагаев – “Азаттык” радиосунун кабарчысы. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG