Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:47

Кыргызстан мугалимдердин рейтингин аныктаган TALIS системасынан өтөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан мугалимдердин рейтингин аныктаган TALIS (Окутуу жана окуу боюнча эл аралык мугалимдер корпусунун изилдөөсү) системасына катышат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев "Азаттыкка" курган маегинде билдирди.

"Биринчиден, мугалимдерди баалоо үчүн аттестациядан өткөрүү, квалификацияны көтөрүү боюнча бир катар жаңы талаптар болуп жатат. Мугалимди изденүүгө багыттай турган бир катар методикалык кабинеттер түзүлүп, өз ара издөөнүүгө шарттар түзүлөт. Эл аралык мугалимдердин рейтингин чыгарып, баалап турган TALIS система бар. Ошону Кыргызстанга имплементация кылуу жолдорун карап жатабыз. Мамлекет шарт түзүп жаткандан кийин мугалим дагы изденип, өзүн өнүктүрүп, жаңыланып продиктивдүү болууга багыт алыш керек".

Президент Садыр Жапаров билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана социалдык коргоо тармактарында иштеген кызматкерлердин айлык акысы 1-апрелден тартып 50дөн-100 пайызга чейин көтөрүлө турганын айткан. Бул үчүн быйыл Билим берүү министрлигине кошумча 16 млрд. сом бөлүнгөнү белгиленген. Президент айлык менен кошо мугалимдерге талап дагы жогорулай турганын кошумчалаган.

Эл аралык TALIS (Teaching and Learning International Survey) изилдөө системасын Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюму алгачкы жолу 2008-жылы киргизген. Анда 24 өлкө катышкан. Ар бир беш жылда өтүп турчу системанын 2013-жылдагы изилдөөсүнө 37 өлкө катышса, 2018-жылы алардын саны 46га жеткен.

Мындан сырткары мектеп окуучуларынын деңгээлин баалаган PISA сынагы бар. Ага Кыргызстан 2006 жана 2009-жылдары катышып акыркы орунду алгандан кийин катышпай келет. Министрдин айтымында, Кыргызстан 2025-жылы PISA сынагы катышуу үчүн окуучуларды даярдай баштады. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG