Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:29

"Ак-Тилектеги" тыгындан улам айрым машиналар "Кең-Булуңга" жөнөтүлүүдө


"Ак-Тилек" бекети. 2022-жылдын 18-апрели.
"Ак-Тилек" бекети. 2022-жылдын 18-апрели.

Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Тилек" өткөрмө бекетинде 18-апрелдин эртең мененки саат 10уна карата 300дөй оор жүк ташуучу машина топтолуп турганын бекеттин жетекчилеринин бири Элдос Абдыманапов билдирди. Анын айтымында, тыгындан улам айрым бош машиналар жүргүнчүлөр өтүүчү "Кең-Булуң" бекетине жөнөтүлүүдө:

“Биз тараптан эч кандай чектөө жок. Штаттык режимде өткөрүп жатабыз. Казакстан тарап эмне үчүн мындай болуп жатканына комментарий берген жок. Оор жүк ташыган машиналардын санын азайтуу үчүн ичи бош машиналардын баарын Токмоктогу “Кең-Булуң” бекетине жөнөтүп жатабыз”.

Абдыманапов машиналар бир жума мурда көбөйө баштаганын, алардын саны 400гө чейин жеткен учурлар болгонун, азыр суткасына орточо 120-130 машина өтүп жатканын кошумчалады.

Чек арадагы тыгын маселеси өткөн аптада Жогорку Кеңеште да көтөрүлгөн. Депутат Айбек Осмонов эгер мындай мамиле болсо Евразия экономикалык биримдигинен (ЕАЭБ) чыгуу керектигин айткан.

Кыргызстандык товар өндүрүүчүлөр негизинен айыл чарба продукциясын Казакстандын өзүнө жана Орусияга ташыйт.

Беларус, Казакстан, Орусия 2010-жылы Бажы биримдиги катары түзгөн ЕАЭБге Кыргызстан менен Армения 2015-жылы кошулган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG