Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:11

Мэрдин кызматтык машинеси сүзгөн баланын абалы оор


Баткен шаары.
Баткен шаары.

Баткен мэринин кызматтык автоунаасы сүзүп кеткен баланын абалы оор. Бул тууралуу облустук ооруканадан билдиришти. Мэрия кырсык болгон учурда шаар башчысы Имамназар Бурканов автоунаада болбогонун айтып жатат.

"Баш сөөгү сынып кеткен..."

2-апрель күнү саат 20:00 чамасында Баткен мэринин автоунаасы 13 жаштагы баланы коюп кеткен. Маалыматтарга караганда, кырсык Баткен шаарындагы Ленин мектебинин жанында, тестиер футболдон чыккан учурда болгон.

Ал башынан жаракат алып, облустук ооруканага жеткирилет. Ошол замат операция жасалып, бейтапкананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Бул тууралуу аталган оорукананын жандандыруу бөлүмүнүн башчысы Рустам Хусейнов билдирди.

"Бала бизге оор абалда келген. Ошол замат операция жасалган. Баш сөөгү сынып кеткен экен. Азыр жасалма дем алдыруучу аппаратта жатат, абалы оор".

Баткен облустук ооруканасы.
Баткен облустук ооруканасы.

Кырсык болгондон бери бир аптадан ашык убакыт өттү. Бирок эсине толук келе элек дейт чоң энеси Тажигүл.

"Жандандыруу бөлүмүндө карап жатышат. Шүгүр, кыйла жакшы. Өзүнө келе элек, бирок колунан кармасаң колуңду кыса кармайт. Ушундан улам нервдери калыбына келип жатат окшойт деп атабыз".

Жабыркаган бала Акжол (Абдурахим) Курбанбеков Баткен шаарындагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы мектептин 6-классынын окуучусу. Үй -бүлөдө төрт баланын улуусу. Москвада иштеп жүргөн апасы уулунун кырсыкка кабылганын угар замат жетип келген. Чоң энеси билдиргендей, баланын дары-дармегин сүзүп кеткен автоунаанын айдоочусу сатып берүүдө.

Мэр менен айдоочу жакын тууган

Автоунаа Баткен шаарынын мэриясына таандык. Тагыраагы, мэрдин кызматтык машинеси. Облустук ички иштер башкармалыгы ырастагандай, учурда айып короого токтотулуп, экспертиза дайындалган.

Акылбек Амираев
Акылбек Амираев

"Мэрди ташыган кызматтык унаанын айдоочусу, 1995-жылы туулган Абдулазиз Бурканов да наркологиялык экспертизадан өткөрүлдү. Экспертиза айдоочу алкоголдук ичимдик ичпегенин аныктады",-деди облустук милициянын басма сөз катчысы Акылбек Амираев.

Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов менен айдоочусу Абдулазиз Буркановдун аталары бир тууган. Муну "Клооп" сайтынын кабарчыларына мэр өзү ырастап, бирок автокырсык тууралуу айтуудан баш тарткан.

Мэриянын басма сөз катчысы Данияр Өлмасов Абдулазиз Бурканов шаар башчысынын айдоочусу катары расмий иштей турганын ырастады.

"Расмий эле иштеп жатат. Бул жерде Кыргызстандын эмгек кодекси бузулган жок. Жетекчилер айдоочуларын, жардамчыларын өздөрү дайындоого укуктуу".

Жол кырсыгы болгон учурда унаада мэр өзү болгон эмес деп айтып жатышат.

Имамназар Бурканов.
Имамназар Бурканов.

Имамназар Бурканов Баткен шаарынын мэрлигине өткөн жылы 7-июнда шайланган. Анын талапкерлигин Баткен шаар кеңешиндеги 31 депутат бир добуштан колдогон. Шаар башчылыгына Буркановдон башка талапкер болгон эмес.

2021-жылы, 1-апрелде өткөн Баткен шаар кеңешин шайлоодо Имамназар Бурканов "Ала-Тоо Кыргыз жери" партиясынан депутат болуп шайланган.

Депутаттыкка чейин ал "Таза-Суу" долбоорунда текшерүүчү болуп иштеген. Ошондой эле газ өндүргөн "Баткенгаз сервис" жеке ишканасын негиздөөчүлөрдүн бири жана "Газпром-транзит" жоопкерчилиги чектелген ишкананын жетекчиси. Юстиция министрлигиндеги маалыматка караганда, аталган ишкана "авиа жана автоунаа күйүүчү майларын дүңүнөн сатуу менен алектенет".

Ал Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, ошондой эле учурда президент Садыр Жапаровдун бейрасмий кеңешчиси, ага "таасири бар" деп айтылып жүргөн Арзыбек Буркановдун бир тууган иниси.

Арзыбек Буркановдун дагы бир иниси Нурланбек Бурканов Кызыл-Кыяда шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG