Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:54

Соттолгон бажычы Боронбаев депутат болду


Абдывахап Боронбаев
Абдывахап Боронбаев

Бажыдагы коррупция боюнча күнөөлүү деп табылган Абдывахап Боронбаев Жогорку Кеңешке депутат болду. Борбордук шайлоо комиссиясы өкмөткө жумушка кеткен Бакыт Төрөбаевдин ордуна «Ата Журт-Кыргызстан» партиясынан Боронбаевди депутат кылып каттады.

Борбордук шайлоо комиссиясы 1-апрелде «Ата Журт-Кыргызстан» партиясынан тизмесинен Министрлер кабинетинин төрага орун басары болуп кеткен Бакыт Төрөбаевдин ордуна Жогорку Кеңештин жаңы депутатына мандат берди.

Ал мурдагы бажычы Абдывахап Боронбаев. Жаңы депутаттын ысымы коомчулукка буга чейин бажыдагы коррупциялык схема боюнча иликтөөдөн улам белгилүү.

Тагыраак айтканда, 2020-жылы бажыда жемкордук схеманы уюштургандардын бири катары күнөөнү моюнуна алып, мамлекетке келтирилген зыянды төлөп берген эле.

Резонанстуу иштин фигуранты болгон жарандын эң жогорку кызматка барышы коомчулуктун көңүлүн бурду. Борбордук шайлоо комиссиясы Абдывахап Боронбаев депутаттык мандат алууга укуктуу экенин, эч кандай мыйзам бузуу жоктугун түшүндүрдү.

БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бекматовдун айтымында, жаңы депутаттын соттуулугу буга чейин жоюлган:

"Комиссиянын маалыматтык борбору Абдывахап Боронбаевдин соттуулугу жоюлган деп бизге маалымат берди. Ошонун негизинде мандат берилди".

Коомчулукту кызыктырган суроо боюнча Абдывахап Боронбаевден комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Парламенттин жаңы депутаты Абдывахап Боронбаев 54 жашта. Кара-Суу районунда туулуп-өскөн. Эмгек жолун Оштогу Керек-жарак коомунда баштаса, 1996-жылдан тарта бажы тармагында ар кыл кызматтарды аркалаган. Түштүк-Батыш бажысын жетектеген. Дал ушул кызматта турганда коомчулукка аты чыккан эле.

Тактап айтканда, Кыргызстандагы бажыдагы коррупциялык схемалар боюнча жаңжал 2018-жылдан тарта коомчулуктун назарында болгон. Бул темадагы журналисттик иликтөөнү «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө» долбоору (OCCRP) жана «Клооп» порталы жарыялаган.

Анда бажыдагы коррупцияга Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси бар экенин таап чыгышкан. Бул иликтөө коомчулукта резонанс жаратып, коррупциялык схеманы түзгөндөрдү жоопко тартуу талабы менен Бишкекте «Реакция» аттуу нааразылык акциялар өткөн.

Ал кездеги бийлик жемкордук схема тууралуу жетиштүү факты жок экенин айтып, өз убагында чара көргөн эмес. Айрым талдоочулар 2020-жылы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразылыкка дал ушул бажыдагы коррупцияга чара көрүлбөгөнү кошул-ташыл болуп, Сооронбай Жээнбековдун бийлигинин кулашын шарттаганын айтып келет.

Анын ордуна бийликке келген Садыр Жапаров Бажыдагы коррупция кылдат иликтенип, Райымбек Матраимов жоопкерчиликке тартыларын билдирген.

Райымбек Матраимов сот залында
Райымбек Матраимов сот залында

Чынында эле 2020-жылдын 17-октябрында кармалган. Анда УКМК Матраимов жана бажыдагы башка кызмат адамдары бажы системасында коррупциялык схема түзгөнү аныкталганын, аны моюнуна алганын жарыялаган.

Бирок Райымбек Матраимов мамлекетке 2 миллиард сом төккөндөн кийин эркиндикке чыгып кеткен.

Атайын кызмат бажыдагы коррупция боюнча Матраимов менен чогуу коррупциялык схема уюштурган деп 38 бажы кызматкерине кылмыш иши козголгонун билдирген.

Анда “Эркечтам” өткөрмө пункту аркылуу транзит режиминде жүк ташып өткөн 16 761 машиненин ар биринен алар 860 доллардан алып турганы такталганы кабарланган.

Жоопко тартылган бажычылар арасында Түштүк-Батыш бажысынын мурдагы башчысы Нурлан Ражабалиев, Түштүк-Батыш бажысынын мурдагы башчысы Абдывахап Боронбаев бар болчу. Алар сот тарабынан күнөөлүү деп табылып, 260 миң сом айыпка жыгылган. Мындан сырткары Ражабалиев 12 млн. сом, Боронбаев 8 млн. сом акча каражатын бюджетке төгүп берген.

Биринчи май райондук соттун Райымбек Матраимов боюнча чечиминен. Маалымат Sot.kg сайтынан алынды.
Биринчи май райондук соттун Райымбек Матраимов боюнча чечиминен. Маалымат Sot.kg сайтынан алынды.

Башкача айтканда, алар Бажыда коррупциялык схема түзгөнүн моюнуна алып, тергөө менен да кызматташууга барган.

Мындан эки жыл өтпөй жогорудагы эки адам тең Жогорку Кеңешке депутаттыкка шайланды. Тагыраагы, Нурлан Ражабалиев былтыр 28-ноябрда өткөн шайлоодо №2 Баткен шайлоо округунан депутат болсо, Абдывахап Боронбаев эми мандат алып отурат.

Нурлан Ражабалиев
Нурлан Ражабалиев

Борбордук шайлоо комиссиясы бул адамдардын соттуулугу жоюлганын, өлкөнүн башка жарандары сыяктуу эле шайлоого жана шайланууга укугу бар экенин билдирүүдө.

Муну эске салган Нурлан Ражабалиев да былтыр шайлоо учурунда төмөнкүчө жооп берген.

“Ооба, буга мыйзам жол берип атат. Мыйзамга ылайык, айып төлөнгөндөн баштап соттуулук жоюлат. Мага чейин деле соттолуп, кайра акталган депутаттар жок эмес. Алар деле эл кызматын аркалап келет. Менин кандай жагдайда сотко барганым, кандай жигитчилик кылганым тууралуу сиздин маалыматыңыз жок. Адам баласы бир топ сыноолорго дуушар болот экен. Менин моралдык укугум бар. Өзүмдү ак деп эсептейм”.

Бирок маселеленин моралдык жана этикалык жагын эске салгандар чыгууда.

Учурундагы бажыдагы жемкорлук схемасын жок кылуу талабы менен нааразылык акцияларын уюштурган «Үмүт-2020» кыймылынын лидерлеринин бири, активист Нурсултан Акылбек соңку жүрүштөр бийликтин коррупцияга каршы күрөшүнө көлөкө түшүрдү деген пикирде.

Нурсултан Акылбек
Нурсултан Акылбек

"Коррупция - оор кылмыш. Ал үчүн 10-12 жылга чейин кесилет. Бирок бизде көпчүлүгү 260 миң сом айып пул төлөп чыгып кетип жатат. Ошондуктан, акыркы окуялардан коррупцияга каршы күрөш жүрдүбү деген суроо жаралат. Экинчиден, эң чуулгандуу иш боюнча айыптуу деп табылган Райымбек Матраимов менен чогуу жоопкерчиликке тартылгандар бийлик органдарына келүүдө. Буга чейин Ражабалиев болсо, эми Боронбаев. Мындан улам булар реванш алып жатабы же сахнадан кеткен эмеспи деген суроого жооп жок".

Ошентип, бажыдагы коррупциялык схемалар үчүн жоопкерчиликке тартылган экинчи адам өлкө парламентинин мүчөсү болду.

Ошол эле кезде коррупцияга каршы күрөш алкагында жазага тартылган Райымбек Матраимовдун жакындары, тагыраагы, иниси Кара-Суу районун мурдагы акими Тилек Матраимов "Ошгаз" ишканасынын жетекчи орун басары болгону жакында белгилүү болду. Өлкөдөгү ири райондордун бири Кара-Сууну сегиз жыл башкарган Матраимов 2020-жылдагы Октябрь окуяларынан кийин кызматтан кеткен.

Ал 2021-жылы 9-октябрда кыргыз-өзбек чек арасынан мыйзамсыз өткөн деген шек менен кармалып, кылмыш иши козголгон. Ош шаардык соту көп өтпөй ага 220 миң сом айып салып үй камагына чыгарган.

Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев "Ошгаз" мамлекетке тиешеси жок экенин, Матраимов боюнча аталган мекеме курамында болгон "Газпром-Кыргызстан" ишканасынын чечими болгонун "Фейсбукка" жазды.

Ал эми "Газпром-Кыргызстан" болсо бул дайындоонун тегерегинде эч кандай комментарий бере элек.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG