Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:15

20-апрелдин аба ырайы


Кыргызстан.
Кыргызстан.

Шашылыш билдирүү

20-25-апрелде Кыргызстандын аймагында аба ырайы туруксуз болуп, маал-маалы менен жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Абанын температурасы төмөндөп, кээ бир жерлерде мөндүр жаашы мүмкүн. Айрым облустарда нөшөр жаан жаап, сел жүрүшү, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү ыктымал. Мындай аба ырайы автоунаа, энергетика тармактарынын, коммуналдык кызматтардын ишин оорлотуп, жайытта мал кармоону кыйындатат.

Аба ырайы

20-апрелде түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош облусунун кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 8...13, күндүз 17…22;

Талас жергесинде түнкүсүн 6...11, күндүз 17…22;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 12…17, күндүз 20…25;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 5...10, күндүз 14...19;

Нарын облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 16…21;

Бийик тоолордо түнкүсүн 0…-5, күндүз 1…6 градус.

Бишкекте маал-маалы менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 11…13, күндүз 19…21 градус болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG