Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:17

Кабулдагы мектепте жарылуу болду


Кабулдагы мектептердин бири (Иллюстрация).
Кабулдагы мектептердин бири (Иллюстрация).

19-апрелде Ооганстандын Кабул шаарындагы эркек балдардын мектебинде кеминде үч жарылуу болду. "Талибан" өкмөтүнүн Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Абдул Нафи Таку "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна билдиргендей, жарылуу хазар тектүү шииттер байырлаган конуштагы Абдул Рахим Шахид атындагы жогорку класстын окуучулары окуган мектепте болгон.

Мектепте граната жарылган болушу мүмкүн экенин коопсуздук органдарынын өкүлү германиялык DPA жаңылыктар агенттигине билдирди. Күбөлөрдүн айтымында, окуя окуучулар эртең мененки сабактарынан чыгып келе жатканда болгон.

Кабулдун полициясы жарылуудан жабыркагандар бар экенин маалымдады. Бирок алардын санын тактаган жок.

Азырынча бул окуяга эч ким жоопкерчиликти мойнуна ала элек.

Мектеп жайгашкан Дашти Барчи районун көбүнесе хазар азчылыктары байырлайт. Буга чейин бул аймакты "Ислам мамлекети" террордук тобунун согушкерлери бутага алып келген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG