Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:08

Зеленский орус армиясы Донбасска чабуул койгонун билдирди


Мариуполь, 2022-жыл, март.
Мариуполь, 2022-жыл, март.

Орус армиясы Донбасска чабуулун баштады. Бул тууралуу Украинанын президенти Владимир Зеленский кезектеги видео кайрылуусунда билдирди.

"Биз украиналык эч нерседен баш тартпайбыз жана бизге башка бирөөнүкү дагы кереги жок. Мен биздин бардык баатыр шаарларыбыз Донбасс, Мариуполдогу аскерлерге, ошондой эле Харьков облусундагы шаарларга ыраазымын", - деди Зеленский.

Мурдараак Орусиянын Украинанын чыгышындагы чабуулу тууралуу өлкөнүн Улуттук коопсуздук кеңешинин катчысы Алексей Данилов орус армиясы православдардын Пасха диний майрамына чейин Донецк жана Луганск облустарын толугу менен басып алууну пландап жатканын айткан. Быйыл Пасха 24-апрелде өтөт.

Өз кезегинде Украина президентинин аппаратынын жетекчиси Андрей Ермак "согуштун экинчи этабы башталды" деп билдирди.

Жергиликтүү тургундар менен журналисттер Донбасстагы фронттун бүтүндөй линиясындагы салгылашуулар, Харьков менен Николаевдин аткылоосу тууралуу азыртан эле айтып жатышат.


Дүйшөмбү күнү эртең менен "Азов" полкунун командири Денис Прокопенко дүйнө лидерлерине видео кайрылуу жасаган. Анын айтымында, Мариуполдо, "Азовсталь" металлургиялык комбинатында жүздөгөн жарандар баш калкалап турушат. Прокопенко белгилегендей, орус аскерлери муну билишет, бирок алар дагы эле заводду аткылап жатышат. Прокопенко дүйнөлүк саясатчыларды “жашыл коридор” уюштуруп, карапайым калкты, жарадар болгон жоокерлерди жана каза болгондордун сөөгүн эвакуациялоону камсыздоого чакырды.

Мариуполдон карапайым калкты эвакуациялоого жардам берүү өтүнүчү менен 36-деңиз аскерлеринин бригадасынын командири Сергей Волина Рим папасына кайрылган. "Сиз жашооңузда көптү көргөн болсоңуз керек. Бирок Мариуполдо эмне болуп жатканын эч качан көргөн эмессиз деп ишенем. Анткени жер бетиндеги тозок ушундай көрүнөт", - деп жазган Волина. Ал ошондой эле "Азовсталь" бункерлеринде аялдар менен балдар баш калкалап турганын ырастаган.

Мариуполь бир жарым айдан ашык убакыттан бери орус аскерлеринин курчоосунда турат. Шаарда 100 миңдей жайкын тургун калды, ал эми суу, тамак-аш, дары-дармек, электр энергиясы толугу менен токтотулду, Мариуполдо бузулбаган имарат калган эмес.

Орусия карапайым элге кол салбай, аскердик буталарды гана аткылай турганын айтууда. Орусиянын Коргоо министрлиги украин аскерлери карапайым калкты тирүү калкан катары колдонуп жатканын бир нече жолу билдирген. Украина бул айыптоолорду четке кагууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG