Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:35

Украинанын чыгышында чабуулдар күч алды


Харьковдо орус армиясынын чабуулунан үйүнө ракета тийген тургун качып баратат.
Харьковдо орус армиясынын чабуулунан үйүнө ракета тийген тургун качып баратат.

Орус армиясы Украинанын бир катар шаарына ракеталык сокку уруп, жыйырма чакты жайкын тургун курман болду. Алардын арасында ымыркай да бар. Ал арада орус аскерлери өлкө чыгышындагы шаарларды аткылап жатышат. Президент Владимир Зеленский Мариупол шаарынын бир карыш жери үчүн күрөшөрүн билдирди.

17-апрелде Харьков шаарында орус армиясынын аткылоосунан кеминде беш киши курман болуп, он чакты адам жаракат алды. Жайкын тургундар жашаган көп кабаттуу үйлөр бутага алынган.

Курман болгондордун арасында жети айлык ымыркай жана он беш жаштагы өспүрүм да бар.

Орусиялык аскерлер 18-апрелде Луганск облусунун Кременная шаарына киргени маалым болду. Ал арада Львов шаарына жасалган төрт ракеталык соккудан алты адамдын өмүрү кыйылганын жергиликтүү бийлик билдирди. Согуш маалында бул сандар канчалык так экенин ырастоо мүмкүн эмес.

"Орусиялык аскерлер жакынкы арада Украинанын чыгышына чабуул коюуга даярданып жатышат. Алар бүтүндөй Донбассты жок кылууну көздөшүүдө. Орус армиясы Мариупол шаарын талкалоонун үстүндө. Алар Донецк жана Луганск облустарындагы башка шаар-кыштактарды жер менен жексен кылгылары келет. Биз коргонуу үчүн колдон келгендин бардыгын жасап жатабыз", -деди Украинанын президенти Владимир Зеленский.

Ал ошондой эле украин аскерлери Мариуполдун ар бир карыш жери үчүн күрөшөрүн CNN телеканалына курган маегинде айтты. Зеленский белгилегендей, орус армиясы өлкө чыгышында ийгиликке жетсе, кайра Киевди басып алууга аракет кылышы ыктымал.

Аскердик эксперттердин айтымында, орус күчтөрү Киевдин тегерек четинде күтүлбөгөндөй каршылыкка туш болушкан. Мындан улам алар артка чегинүүгө аргасыз болуп, болгон күчүн өлкө чыгышына бурду.

Мариуполдогу салгылашуу: карама-каршы маалыматтар

Орусиялык күчтөр стартегиялык жактан маанилүү деп саналган Мариупол шаарына чабуулун улантууда. Алар Азов деңизинин боюндагы бул шаарды колго алышса, орусиячыл жикчилдер ээлеген Донбасстагы эки район менен Москва аннексиялап алган Крым жарым аралын байланыштырууга жол ачылат.

Украинанын коргоо министринин орун басары Анна Маляр Мариуполду "Украинаны коргоп турган калкан" деп атады. Ал эми премьер-министр Денис Шмыгаль калааны орустар толук басып алды деген сөздөрдү четке какты.

Мунун алдында Москва Мариуполдогу украин аскерлеринен багынып берүүнү талап кылган. Бирок алар баш тарткан.

"Азовсталь" металлургиялык комбинатында курчоодо калган украиналык топтордон куралын таштап, багынып берүүсүн талап кылдык. Бирок Киевдеги режим тыюу салды, -деди Орусиянын коргоо министрлигинин өкүлү Игорь Конашенков. Ал ошондой эле башка 1464 аскер багынганын кошумчалады.

Анткен менен, Британиянын Коргоо министрлиги тараткан билдирүүгө ылайык, украин күчтөрү каршылык көрсөтүп, орус аскерлер пландагандай илгерилей албай атат. Ошондой эле министрлик Мариуполго жасалган соккулар Москванын 1999-жылы Чеченстанда, Cирияда 2016-жылы жасаган чабуулдарын эске саларын билдирди.

"Москва" крейсеринде дайынсыз жоголгондор

Өрттөнүп, андан соң чөгүп кеткен Орусиянын Кара деңиздеги "Москва" крейсеринде аскердик кызмат өтөп жаткан эки жоокердин ата-энеси алардын дайынсыз жоголгонун айтып чыгышты. Орусиянын Коргоо министрлиги "Москва" крейсеринде канча адам каза болгонун так маалымдай элек.

"Вконтакте" социалдык тармагынын Дмитрий Шкребец деген колдонуучусу анын уулу Егор кеме чөккөндөн кийин дайынсыз жоголгонун жазган. Ялтанын 20 жаштагы тургуну армияга былтыр июлда чакыртылган. Ал "Моcква" крейсеринде ашпозчу болгон.

Дагы бир аскер Марк Тарасовдун апасы Ульяна социалдык тармакка жазгандай, анын уулу дагы кеме чөккөндөн кийин дайынсыз жоголгон. Тарасов аскерге былтыр жыл соңунда чакыртылган.

Орусиянын президенти Владимир Путин буга чейин "аскердик милдет өтөөгө чакырылгандар Украинадагы согушка аралашпайт" деген убадасын берген.

"Москва" ракеталык крейсери Кара деңизге чөгүп кеткенин Орусиянын Коргоо министрлиги 14-апрелдин кечинде ырастаган. Орус тараптын жүйөсүнө ылайык, кемеде ок-дарылардын жарылуусунан улам өрт тутанып, андан крейсердин корпусу жабыркаган. Мындан улам кемени портко сүйрөп жеткирүүгө аракет кылышкан. Бирок крейсер тең салмагын жоготкон.

Андан мурда украин күчтөрү орус крейсерине сокку урганын жарыялашкан эле.

Аскердик кемелерге каршы ракеталар жана абадан коргонуу комплекстери менен жабдылган "Москва" крейсери 1979-жылы колдонууга берилген. Forbes журналы бул кеменин чөгүп кетишин Орусиянын Украинадагы "эң кымбат жоготуусу" деп мүнөздөдү. Басылманын болжолдуу эсебине ылайык, крейсердин баасы 750 миллион долларга жетет.

Бул аскердик кеме Украинадагы согуштун алгачкы күндөрүндө Змеиный аралына чабуул коюуга катышкан. Аралдагы украин аскерлеринин крейсердин багынып берүү тууралуу талабын четке кагып, аны сөккөн сөздөрү интернетке желдей тараган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG