Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:58

Президент Жапаров талкуу жараткан маселелерге жооп берерин айтты


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров иш сапардан келгенден кийин өлкөдө жасалып жаткан иштер тууралуу кенен маалымат, маек бере турганын билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн, 19-апрелде өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазды. Анда президент элдин башын айланткандарга жооп болорун айткан.

Жапаров 19-20-апрелде расмий сапар менен Азербайжанга барат.

Акыркы күндөрү бийликтин жаңы Ак үйдү куруу чечими коомчулукта катуу талкууланып жатат. Буга чейин бийлик 21 миң чарчы метр аянтты ээлеген жаңы Ак үйдүн чыгымын инвесторлор көтөрө турганын, бул үчүн аларга Бишкектен 16 гектар жер берилерин билдирген.

Президенттин администрациясы жайгаша турган имаратты кайсы инвесторлор салып, жер аларга кандай шартта берилгенин айткан эмес.

Ушундан кийин бир катар жарандык активисттер инвестордун атын жана кандай шартта куруп берип жатканын жарыялоону талап кылган.

Президенттин иш башкармалыгынынын өкүлү Марат Турсунбеков жергиликтүү басылмаларга сөз болуп жаткан жер шаардын түштүк тарабында экенин айткан. Бирок инвестордун атын ачыктаган жок.

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев жаңы административдик имараттын курулушуна байланыштуу талкууларга жооп берген. Анын Фейсбук баракчасына жазганына караганда, бир жылда өлкөдө 202 мектеп жана алардын спорт залдарынын курулушу жүрүп, 68 мектеп бүткөрүлгөн. 159 социалдык объектинин курулушу жана капиталдык оңдоо иштери аяктаганы, саламаттык сактоо тармагына 2021-жылы 20,9 миллиард сом, 2022-жылы 23,5 миллиард сом бөлүнгөнү белгиленген.

"Билим берүү тармагына 2021-жылы 40,2 миллиард сом бөлүнгөн болсо, 2022-жылы 42,1 миллиард сом бөлүнгөн. Өсүү темпи 104,72% түздү же 1,9 млрд. сомго көп болду. Социалдык коргоо тармагын камсыздоого 2021-жылы 35,8 миллиард сом бөлүнсө, 2022-жылы 42,2 миллиард сом каралган. Өткөн жылга салыштырмалуу өсүү темпи 118,0% түздү, же 6,4 млрд сомго көп", - деп жазган Султанбаев.

Ал 1-апрелден баштап 309 миң социалдык кызматкердин эмгек акысы, 1-июндан тарта аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилүүчү социалдык жөлөкпулдун көлөмү көбөйүп жатканын эске салып, жаңы Ак үйдүн курулушуна байланыштуу талкууларды коомчулуктун көңүлүн башка жакка бургусу келген "оюн" деп атаган.


Журналист Али Токтакунов жетектеген "Мадиахаб" жаңы Ак үйдүн курулушуна байланыштуу иликтөөсүн чыгарган. Анда инвесторго айырбаштай турган 16 гектар жердин баасы болжол менен 48-80 млн. доллар болорун, Ак үй курула турган каражатка мектеп, оорукана салып, жолдорду оңдоп, чек ара маселелерин чечсе боло турганы айтылган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG