Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:24

Грекия орус танкерин кармады


Грекиянын деңиз күзөтүнүн кызматкерлери (Иллюстрация).
Грекиянын деңиз күзөтүнүн кызматкерлери (Иллюстрация).

Грекия Эгей деңизинде Орусиянын желеги менен сүзүп жүргөн "Пегас" аттуу мунай танкерин кармады. Грек өкмөтүнүн өкүлдөрү билдиргендей, танкер 19-апрелде Евбея аралынын түштүк жээгиндеги Каристос шаарчасынын жанында токтотулган.

"Танкер Европа Биримдигиин санкцияларынын алкагында кармалды", - деп билдирди Грекиянын кеме иштери боюнча министрлигинин өкүлү.

Мунай ташыган кемеде 19 орусиялык экипаж мүчөсү болгон. Грекиянын деңиз күзөтү танкердин жүгү эмес, өзү гана кармалганын билдирди.

Маалыматка ылайык, танкер механикалык маселелерден улам мунайды башка кеме жүктөө үчүн Пелопоннес жарым аралына бараткан. Бирок деңиз шартына байланыштуу Каритас шаарына багыт алган.

Орусия Украинага кол салганы үчүн Грекия мүчө болгон Европа Биримдиги Москва санкцияларды жарыялаган. Анын алкагында бир катар товарлардын импортуна жана экспортуна чектөө киргизилген. Ошондой эле Орусиянын кемелеринин Евробиримдигинин аймагына киришине тыюу салынган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG