Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:33

Ташкент Ооганстандан аткылоо болгону тууралуу маалыматты четке какты


Ооган-өзбек чек арасы.
Ооган-өзбек чек арасы.

Расмий Ташкент ооган чек арасына жакын жайгашкан Термез районундагы өзбек чек арачылары Ооганстан тараптан аткылоого кабылганы тууралуу маалыматтарды четке какты. Өзбек президентинин басма сөз катчысы Шерзод Асадов мындай кабарлар чындыкка дал келбей турганын Телеграмга жазды жана калкты чагымга алдырбоого үндөдү.

"Өзбекстандын Коргоо министрлигинин жана Чек ара күчтөрүнүн маалыматына караганда, өзбек-ооган чек чарасында аскердик аракеттер жок, абал туруктуу",-деп жазды Асадов.

Өзбекстандын Коргоо министрлиги да Термездеги аскердик объектилер Ооганстандын аймагынан ракеталык аткылоого туш болгону жөнүндө маалыматтарды жалган деп мүнөздөдү. Министрликтин маалыматына караганда, Өзбекстан менен Ооганстандын чек арасы толугу менен өзбек аскерлеринин көзөмөлүндө турат.

Термездеги өзбек объектилери "Ислам мамлекети" террордук тобунун чабуулуна кабылганы жөнүндө маалыматтар буга чейин Телеграмдагы "Милитарист" жана "Военный обозреватель" деген каналдарга жарыяланган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG