Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:40

Прокурордун өлүмү үчүн айыпталган Мелис Калыковдун өкүмү күчүндө калды


Мелис Калыков. Ош. 1-июль, 2019-жыл.
Мелис Калыков. Ош. 1-июль, 2019-жыл.

Ош облустук соту Баткен облусунун мурдагы прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмү үчүн айыпталган Мелис Калыковдун ишин карап, чечим чыгарды.

Облустук соттун басма сөз кызматы "Азаттыкка" ырастагандай, быйыл 31-мартта ишти караган судья Ош шаардык сотунун 2019-жылдын 27-ноябрындагы Мелис Калыков жөнүндө өкүмү өзгөртүлгөн, Андан 3000 (үч миң) эсептик көрсөткүчтөгү кошумча айып пул салуу бөлүгү алынып салынган. Өкүмдүн калган бөлүгү өзгөртүүсүз, апелляциялык даттануу канааттандыруусуз калтырылган.

2019-жылдын 27-ноябрында Ош шаардык соту Калыковду кылмышка күнөөлүү деп таап, өмүр бою эркинен ажыраткан. Айыпталуучу соттук кароодо көрсөтмө берүүдөн баш тартып, күнөөсүн моюнуна алган эмес. Айыпталуучунун адвокаттары Ош облустук сотуна даттанган.

Буга чейин Калыковдун жакындары ишти кайра тергөөгө жөнөтүүнү талап кылып, билдирүү тараткан. Алар мурдагы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун тушундагы иликтөөгө ишенбей турганын, ошол себептүү ишти кайра кароо зарыл экенин белгилешкен. Калыковдун бир тууганы Дарийка Калыкова тергөөдө дал келбеген жагдайлар арбын экенин билдирүүдө.

43 жаштагы Анарбай Мамажакыпов 2018-жылы ноябрда киши колдуу болгон. Анын сөөгү Баткенде тоо арасынан табылган. Окуя боюнча ошол учурдагы Кылмыш-жаза кодексинин "Киши өлтүрүү" беренеси менен иш козголгон.

Кылмышка шектүү катары Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын ошол кездеги башчысы Мелис Калыков кармалган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG