Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шейшемби, 31-март, 2020 Бишкек убактысы 16:23

Ош облустук сотунда Баткен прокурорунун өлүмү үчүн айыпталган Мелис Калыков көрсөтмө берди


Мелис Калыков. Ош, 1-июль, 2019-жыл.

Айыпталуучу Мелис Калыков өз көрсөтмөсүндө прокурор Анарбай Мамажакыповду өлтүрбөгөнүн, анын өлүмүнө тиешеси бар адамдар азыр эркиндикте жүргөнүн айтты. Ал Ош шаардык сотунда болгон отурумдарда күбө катары көрсөтмө берген прокуратура кызматкерлери жана окуя болгон күнү тоого эс алууга чыккан адамдардын көрсөтмөлөрү бири-бирине дал келбей жатканын билдирди.

Мелис Калыковдун жактоочулары прокурордун өлүмүнө байланышкан далил буюмдар менен толук таанышпаганын айтып, кылмыш материалдары менен таанышып чыгууга өзүнчө убакыт берүүнү өтүндү.

«Кылмыш ишинин материалы боюнча далил буюмдар, куралдар, октор, гильзалар, кийимдер, сынган сөөктөр бар. Мунун баары менен тергөөдө тергөөчү тааныштырбастан бекитип алган. Ош шаардык сотунда каралганда судья Жолборс Кудаяров өкүм чыгарганга чейин бекитип отуруп, мөөр басып кайра сактоого тапшырып койгон. Бул жерде биринчи Мелис Калыковдун укуктары бузулган. Кылмыштын материалдары менен толук таанышкан эмес. Ошол боюнча бүгүн мен өтүнүч жаздым, ал өтүнүч канааттандырылды», - деди шектүү Мелис Калыковдун жактоочусу Сартбай Жайчибеков.

Ал эми жабырлануучунун жактоочусу Назгүл Сүйүмбаева буга чейинки соттук отурумдарда далил буюмдар менен таанышууга мүмкүнчүлүк берилгенин, шектүүнүн жактоочусу атайын сот ишин создуктуруп жатканын айтты.

«Калыковдун укуктары эч кандай бузулган эмес. Биринчи соттук инстанцияда өтүнүч беришкен. Ал өтүнүчтү судья Кудаяров канааттандырып, аларга мүмкүнчүлүк берилген. Алар иш менен таанышкан. Ошондо деле далил буюмдар менен таанышса болот эле. Азыркы отурумда өтүнүчтөрдү эмне үчүн берип жатканы бизге түшүнүктүү. Алар сотту создуктуруп жатышат», - деди жактоочу Назгүл Сүйүмбаева.

Келерки сот быйыл 17-мартта болот.

Ош шаардык соту Баткен прокурорунун өлүмү үчүн айыпталган Мелис Калыковду өмүр бою эркинен ажыратуу боюнча 2019-жылдын 27-ноябрында чечим чыгарган. Айыпталуучу соттук кароодо көрсөтмө берүүдөн баш тартып, күнөөсүн толук мойнуна алган эмес.

Прокурордун өлүмүнө шектүү Мелис Калыковдун жактоочулары Ош шаардык сотунун чечимине каршы апелляциялык арыз менен Ош облустук сотуна кайрылышкан.

Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыпов 2018-жылы 17-ноябрда киши колдуу болгон. Анын сөөгү 18-ноябарь күнү таңга жуук Баткенде тоо арасынан табылган. Окуя боюнча ошол учурдагы Кылмыш-жаза кодексинин «Киши өлтүрүү» беренеси менен иш козголгон. Кылмышка шектүү катары Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын ошол кездеги башчысы Мелис Калыков кармалып, Ош шаарындагы тергөө абагына киргизилген. Ал өзүнө коюлган айыптарды мойнуна албай келет. (MdN)

Пикирлерди көрүңүз (1)

XS
SM
MD
LG