Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:08

Лавров: Орусия Украинадагы операциянын жаңы фазасын баштады


Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров.
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров орус армиясы Украинадагы "аскердик операциясынын" кийинки фазасын баштаганын билдирди. Ал бул тууралуу 19-апрелде India Today телеканалына курган маегинде айтканын Орусиянын мамлекеттик TASS жаңылыктар агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, Лавров Орусиянын "операциясы" орус күчтөрү Украинанын чыгышындагы Донецк жана Луганск облустарына же Донбасс аймагына толук көзөмөлүн орнотконго чейин уланарын белгилеген.

Дүйшөмбүнүн кечинде украин президенти Владимир Зеленский да "Донбасс үчүн кармаш" башталганын, орус армиясынын ири бөлүгү бул аймактагы чабуулдарга тартылганын айткан болчу.

Өздөрүн «Донецк жана Луганск элдик республикалары» деп атап алган жикчил топтор 2014-жылдан бери Украинанын Донецк жана Луганск облустарынын үчтөн бирин гана көзөмөлдөп келет. Орусия бул жикчил түзүмдөрдүн өз алдынчалыгын таанып, алар Донецк жана Луганск облустарынын толук аймагына ээлик кыларын билдирген.

Украин өкмөтү жана Батыш өлкөлөрүнүн маалыматына ылайык, Орусия бул эки облуска толук көзөмөлүн орнотуп, буга чейин аннексияланган Крымга кургактан коридор ачуунуну көздөп жатат.

Орусиянын башкы дипломаты Лавров соңку маегинде Москва Украинада өзөктүк куралды колдонуу ниети жоктугун, орус аскерлеринин башкы максаты жайкын тургундар эмес, аскердик объектилер экенин кошумчалады. Бирок украин бийлиги орус күчтөрүнүн колунан жүздөгөн жайкын тургундардын өмүрү кыйылганын билдирип келет.

XS
SM
MD
LG