Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:43

Депутат Козуев: Кумтөрдө кошумча фабрикалар курулары жөнүндө маалымат алдык


Кумтөр кени.
Кумтөр кени.

Кумтөр кенине 19-апрелде Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин депутаттары барып келди.

Аларга "Улуу көчмөндөрдүн мурасы" улуттук холдингинин башкармалыгынын төрагасы Тенгиз Бөлтүрүк маалымат берип, кендеги келечектеги пландар жөнүндө айтканын "Азаттык” радиосуна комитет мүчөсү Алишер Козуев билдирди:

“Көптөгөн пландары бар экен. Мурда бир цех иштесе, алдына дагы бир фабрика салам деген планын айтты. Мурда бир эле жерди каза турган болсо кийин эки-үч жерди казууга планы бар экен. Эгерде зарылчылык болсо Лысый, Давыдов мөңгүлөрүнө тийбей туруп, тоннел түрүнө өтүшү мүмкүн экен”.

Депутаттар кен казылган жерди, уу калдыктарды сактоочу жайды жана алтын өндүрүүчү комбинатты кыдырган.

Козуев уу калдыктар сакталган жайдагы 100 тоннадан ашык алтынды келечекте иштетүү планы жөнүндө да маалымат берилгенин белгиледи.

Тенгиз Бөлтүрүк эл өкүлдөрүнө "Кумтөрдүн" ар кандай керектөөлөрүн камсыз кылуучу ишканаларды текшерип, баасын ашыкча коюп алгандарды тартипке салып жатканын айтып берген.

Президент Садыр Жапаров 4-апрелде кайрылуу жасап, “Центерра Голд” компаниясы менен доо арыздан баш тартуу жана ортодогу талаш маселелерди чечүү боюнча келишимге кол коюлганын жарыялаган.

Мамлекет башчы мындан ары "Кумтөр Голд Компани" ишканасынын 100% акциясы Кыргызстанга таандык экенин айткан. Бул үчүн Кыргызстан "Центерра Голд" компаниясындагы 26 пайыздык акциясын өткөрүп, эки тарап тең доодон баш тартат.

13-апрелде "Бириккен демократиялык кыймыл" Бишкекте жыйын өткөрүп, Кумтөр кени боюнча "Центерра Голд" менен келишимден баш тартуу мүмкүн экенин айткан. Алар Кыргызстан Кумтөр боюнча келишим менен "Центерра Голддогу" акцияларынан кол жууп, экологиялык чыгымдарды өзүнө алганын утулуш деп эсептейт. (TSh)

XS
SM
MD
LG