Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:42

Атайын кызмат тууралуу мыйзам: күбөлүктөн чыккан талаш


УКМК имараты.
УКМК имараты.

Жогорку Кеңештин тармактык комитети УКМКнын ишине байланыштуу беш мыйзам долбоорун экинчи окууда колдоп берди. Февралдагы биринчи окууда мыйзам долбоорлорунун пакети кызуу талкуу жаратып, бир катар өзгөртүүлөр депутаттарды чочулаткан. Бул жолу дагы айрым депутаттар "мыйзамдар Орусиядан көчүрүлгөн жана кээ бир беренелер адам укугун бузат" деп сынга алышты.

Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) ишине байланыштуу мыйзамдардын пакетин парламенттин тармактык комитети февралда биринчи окууда караган. Анда атайын кызматка жарандарды прокуратуранын уруксатысыз тыңшоо жана тасмага тартуу укугу берилип жатканы айтылып, сынга алынган. Экинчи окууга чейин мыйзам долбоорлорун жарандык коомдун катышуусу менен иштеп чыга турган болгон.

Атайын кызматтын төрагасынын орун басары Рустам Мамасадыковдун айтымында, депутаттардын сунуш-пикирлери эске алынды.

“Мыйзам долбоорун биринчи окууда депутаттар жети-сегиз сын пикир болгон. Бардык сунуштар оңдолуп чыкты. Коомчулукта тыңшоо боюнча маселе көңүл чордонунда болду. Дагы бир жолу айтып кетем, тыңшоо соттун уруксаты менен ишке ашырылат”.

Улуттук коопсуздук комитетинин маалыматына ылайык, мыйзамдардын үчөө 1994-жылдардан кийин кабыл алынып, андан бери олуттуу өзгөрүүгө учураган жок. Чалгындоого байланыштуу эки мыйзам долбоору жаңы сунушталып жатат.

Анткен менен депутат Дастан Бекешев биринчи окууда берген сунуштары эске алынбаганын билдирди. Анын белгилешинче, мыйзам долбоорунда коопсуздук комитетинин кызматкери кызмат учурунда күбөлүгүн көргөзүш керек деген мурдагы мыйзамдагы норма алып салынган. Андан тышкары атайын кийим, мисалы беткапты кайсы учурда кийиш кереги так көрсөтүлгөн эмес.

“Азыр иштеп жаткан мыйзамда беткапты кайсы учурда тагынат, кайсы учурда тагынбайт деген, күбөлүктү көрсөтүү боюнча норма бар. Азыркы мыйзамда алып салыптыр. Мен ошону калтырыш керек деп сунуш бердим эле. Бул четке кагылыптыр, менимче туура эмес. Ар кандай окуялар болуп жатат. Кээде УКМКын кызматкериби же бандитпи түшүнбөйсүң. Атайын операция эмес учурда күбөлүктү көрсөтүш керек. Муну алып салсак, мыйзамсыз иштер болуп калат. Кызматтык учурда жана жеке коопсуздук маселеси пайда болгондо беткапты колдонобуз деп жазып жатат. Кызматтык учурунда деген кеңири түшүнүк да. Атайын операция же күзөт маалында деп так жазыш керек”.

Бирок депутат Бекешевдин сунушу тармактык комитетте колдоо тапкан жок. Коопсуздук комитетинин маалыматына ылайык, кызматтык күбөлүктү кайсы учурда көрсөтөт, атайын кийим кайсы учурда кийиле турганы мыйзамдык актыларда дагы бөлүнүп жазылат.

“Кызматтык күбөлүксүз эч жакка чыкпайбыз. Жумуш баштардын алдында айтабыз, кызматтык күбөлүктү көрсөтөбүз, мыйзамда анын бардыгы бар. Бар нерсени кайталап кереги жок. Беткап боюнча, атайын операция учурунда деп турат. Атайын даярдыктагы аскерлерге гана тиешеси бар. Биз беткапсыз эле жүрөбүз го. Ансыз деле бизде кимдин кайда иштерин бары билет. Кошуна мамлекетте ким эмнеге жооп берет айтыңызчы?”, - деди Рустам Мамасадыков.

Жогорку Кеңеште Улуттук коопсуздук комитети жөнүндө мыйзам долбоорлорунун базасы Орусиянын мыйзамдары экени ачык айтылды. Атайын кызматтын маалыматында бул тармактагы мыйзамдар бардык жердики окшош.

Жогоруда белгилегендей, мыйзам долбоорлорун экинчи окууга даярдоого жарандык коомдун өкүлдөрү дагы катышты.

Мыйзам долбоорлоруна анализ жасаган ТАНДЕМ юристтер коомчулугунун жетекчиси Таттыбүбү Эргешбаева экинчи окууда жарандык коом, сөз эркиндигин чектейт деген ченемдер боюнча сунуштар эске алынганын белгиледи.

Таттыбүбү Эргешбаева.
Таттыбүбү Эргешбаева.

“Укуктук анализ кылынган, өз сунуштарыбызды Жогорку Кеңешке жөнөткөнбүз. Экинчи окууда көптөгөн сунуштарыбыз кабыл алынганын көрдүк. Негизинен, мыйзам долбоорлору туура жана улуттук коопсуздук үчүн зарыл деп ойлойбуз. Мисалы, "Чалгындоо" жана "Контрчалгындоо" мыйзамдары биринчи жолу кабыл алынып жатат. Демек, бул иштерди мыйзам жолуна же болбосо коомдук башкарууга алып келүү бул жакшы көрүнүш жана мыйзамдулуук принцибине жооп берет. Ал эми күбөлүктү көрсөтүү керек деген пунктун алынып салынышы боюнча пикирим, "Чалгындоо" жана "Контрчалгындоо" мыйзамдарды кабыл алынып жаткандыктан жана ал иш-аракеттердин спецификасына жараша туура келтирилип жатат. Анткени, УКМК мыйзамынан ал пункту албай койсо, анда чалгындоо жана контрчалгындоо иш-аракеттерин жүргүзүү такыр болбой калышы мүмкүн. Бирок жаңы УКМК мыйзамында күбөлүктү колдонуу тартиби УКМКнын жетекчиси тарабынан кабыл алынат. Ошол жерде кайсыл жерде жана кайсы учурда күбөлүктү көрсөтүү зарыл экени так жазылыш керек”.

Кыргызстанда саясатчылар, активисттер, журналисттердин жашыруун жаздырылган үндөрү, тасмалары, сүрөттөрү тараган учурлар арбын. Саясатчылар бул ишке атайын кызматты айыптап, бийликтин оппоненттери менен күрөшүү куралына айланганын айтып келет.

Улуттук коопсуздук комитетинин түзүмү ар кандай өзгөрүүлөргө учурап келет. 2021-жылы мекеменин алдындагы Антикоррупциялык кызмат жоюлган. Атайын кызматтын ишин жөнгө салган мыйзамдардын пакетине жалпы жонунан 900 жаңы бөлүм толукталып жатат. Алар, “Улуттук коопсуздук органдары”, “Чалгындоо жана контрчалгындоо ишинин маселелери”, “Контрчалгындоо”, “Тышкы чалгындоо”, “Терроризмге каршы аракеттенүү” жөнүндө мыйзам долбоору.

  • 16x9 Image

    Марат Тагаев

    Марат Тагаев – “Азаттык” радиосунун кабарчысы. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG