Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:55

УКМК тууралуу мыйзам долбоору, депутаттардын кооптонуусу


Тыңшоо. Иллюстрация.
Тыңшоо. Иллюстрация.

Парламенттин тармактык комитети Улуттук коопсуздук органдарынын ишине байланыштуу беш мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоп, жалпы палатанын кароосуна жөнөттү. Атайын кызматтын ишин жөнгө салган мыйзам долбоору комитетте кызуу талкуу жаратып, депутаттар сунушталган айрым өзгөртүүлөргө кооптонуусун билдиришти. Тармактык комитеттин депутаттары экинчи окууда мыйзам долбоорлорун жарандык коомдун катышуусу менен иштеп чыга турган болушту.

Министрлер кабинети атайын кызматтын ишин жөнгө салган “Улуттук коопсуздук органдары”, “Чалгындоо жана контрчалгындоо ишинин маселелери”, “Контрчалгындоо”, “Тышкы чалгындоо”, “Терроризмге каршы аракеттенүү” жөнүндө беш мыйзам долбоорун 8-февралда парламенттин тармактык комитетинин кароосуна киргизди.

Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) маалыматына ылайык, мыйзамдардын үчөө 1994-жылдардан кийин кабыл алынып, андан бери олуттуу өзгөрүүгө учураган эмес. Чалгындоого байланыштуу эки мыйзам долбоору жаңы сунушталып жатат.

“Мыйзам дээрлик 900 жаңы бөлүм менен толукталып жатат. Азыркысы (УКМКга тиешелүү иштеп жаткан мыйзам-ред.) 1994-жылы кабыл алынган. 2018-жылы аны толуктап, тактап киргизерде сот реформасы, укук коргоо органдарын реформалоо башталып калган, анын баарын бүтүрүп анан кабыл алалы деп жылып калган”, - деди мыйзам долбоорунун баяндамачысы УКМКнын төрагасынын орун басары Рустам Мамасадыков.

Жогорку Кеңештин депутаты, “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаров сунушталып жаткан мыйзам долбоорлорунда жаңы Баш мыйзамга шайкеш келбеген жерлер бар экенин белгиледи. Анын айтуусунда, атайын кызматка жарандарды прокуратуранын уруксатысыз тыңшоо жана тасмага тартуу укугунун берилиши өзгөчө кооптонууну жаратат.

Адахан Мадумаров.
Адахан Мадумаров.

“Азыркы Конституциянын 29-беренесинин 1-2-бөлүктөрүнө ылайык ар бир адамга жеке турмушунун кол тийбестиги кепилденет деп жазылган. Эгер мыйзамдар Баш мыйзамга каршы келсе, Баш мыйзам түз иштейт. Сиздердин мыйзам долбоордо биз жашыруун сүрөткө тартып, жазып алабыз, керек болсо башка ишке дагы бара алабыз деп жазылып турат. Андай болбойт. Кечээ күйөөсү менен аялынын сүйлөшүүсүнөн бери чыгарып, өтө жаман кеттиңер. Ушулбу силердин мамлекеттик кызматта жасап жатканыңар?”.

Атайын кызматтын төрагасынын орун басары Рустам Мамасадыков депутаттын сынына макул болгон жок. Ал сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда тыңшоо, жашыруун тасмага тартуу соттун уруксаты менен ишке ашары жазылганын айтты.

“Бул ыкчам изилдөө иштеринин бир ыкмасы болуп эсептелет. Сиз айткандай барып эле коюп, уга калбайт. Тергөө соту болот. Тергөө сотуна тергөөчү же тийиштүү кызматкер себебин алып барат. Сот ал себепке ынанса, анан санкция берет. Ошондо гана тыңшалат. Азыр улуттук коопсуздук органдарын азезилдештирүү жүрүп кетти. Мен муну кескин түрдө четке кагам”.

УКМКнын укуругу

Кыргызстанда акыркы учурда саясатчылар, активисттер, журналисттердин жашыруун жаздырылган үндөрү, тасмалары, сүрөттөрү тараган учурлар арбыды.

Акыркы жолу Ички иштер министрлиги камап, кайра бошоткон иликтөөчү журналист Болот Темиров менен төкмө акын Болот Назаровдун жана Temirov LIVE каналынын кызматкеринин жашыруун жаздырылган аудио-видеолору тараган. Бул окуяларга атайын кызмат да, Ички иштер министрлиги да тиешеси жок экенин билдирген.

Былтыр ИИМ 6-январдан 10-февралга чейин бир катар саясатчылардын, активисттердин, коомдук ишмерлердин жана депутаттардын телефонун тыңшаганы белгилүү болгон. Анда ИИМ тыңшоо соттун уруксаты менен болгонун айткан.

Чекисттин этикасы

Атайын кызматтын отставкадагы полковниги Таалайбек Жумадылов коопсуздук кызматы кандай жагдайда тыңшап, тасмага тартыш керектиги тууралуу буларга токтолду.

Таалайбек Жумадылов
Таалайбек Жумадылов

“Албетте, Улуттук коопсуздук комитетинде ыкчам негизде прокурор уруксаты жок тыңшаган, тасмага тарткан укугу болуш керек. Бирок кандай максатта? Эгер терроризм менен күрөшүү, террактын, диверсиянын алдын алуу, диний экстремизмди ооздуктоо үчүн болсо. Ар кандай жагдай болот, кылмыштын алдын алыш керек да. Ал эми жашыруун ыкмаларды саясий максатта колдонуу башка кеп, ага тыюу салынган. Ыкчам издөө иштеринин жүрушүндө жеке маалыматтар түшүп калышы мүмкүн. Бирок чекисттин этикасы деген бар. Төшөк мамилесин, ата-энесин, жеке даректерин жарыялоого болбойт. Андай кызматкерге кылмыш иши козголуп, катуу жазаланыш керек”.

Кыргызстанда жашыруун жаздырылган аудио-видеолордун негизинде саясатчыларга кылмыш иши козголгон учурлар дагы көп.

2016-жылы “Элдик парламент” кыймылынын лидерлери жана мүчөлөрү ушундай аудиожазуудан кийин камалган. Бул ишке байланыштуу саясатчылар Кубанычбек Кадыров, Бектур Асанов, Эрнест Карыбеков, Дастан Сарыгулов, Бекболот Талгарбеков, Төрөбай Колубаев, Марат Султанов, Александр Гусев, Тойгонбек Калматов бийликти күч менен басып алууга айыпталып соттолуп чыгышты. Алардын айрымдары кийин акталды.

Былтыр жашыруун жаздырылган үндүн негизинде камалган ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов менен Алмаз Сарыбаев өткөн жумада үй камагына чыкты.

Саясатчы Бектур Асанов укук коргоо органдары азыр желе соттун уруксаты жок тыңшап, тасмага тартып жатканын айтып, адам укугунун сакталышы үчүн бул тармакты реформалоо керектигин билдирди.

Бектур Асанов
Бектур Асанов

“Азыр деле уруксаты жок тыңшай берет. Биз деле камалганда ыкчам иш-аракеттердин негизинде уруксат жок тыңшалган. Менин оюмча атайын кызматты дагы "монстрга" айлантуу аракети жүрүп жатабы дейм. Ансыз деле Кыргызстандын адам укугу жаатында рейтинги түшүп кетти. Авторитаризмдин бир көрүнүшү десек болот. Улуттук коопсуздук комитетине кошумча укуктарды бербестен реформалаш керек”.

Улуттук коопсуздук органдарынын ишине байланыштуу беш мыйзам долбоору эми Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына биринчи окууга чыгарылат.

Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин төрагасы, депутат Жанар Акаев УКМКнын жетекчилиги экинчи окууга чейин Конституцияга каршы келген, адам укугу бузулат деген ченемдерди жоюуга убада бергенин айтты:

Жанар Акаев
Жанар Акаев

“Кечээ комитетте УКМК алып келген мыйзамдар топтому бир топ талаш-тартыш жаратты. Депутаттар адам укугун коргоо, жеке купуялуулукту сактоо, Конституцияга шайкеш келүүсү боюнча сын-пикир айтышты. УКМКнын жетекчилиги экинчи окууга адам укугуна каршы келет деп айтылган жерлерин оңдоп чыгабыз дегендиктен, биринчи окууда колдоп бердик. Эми жалпы жыйында дагы депутаттар талкуулайт. Андан кийин комитет карайбыз”.

Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) түзүмү ар кандай өзгөрүүлөргө учурап келет. 2021-жылы президент Садыр Жапаров мекеменин алдындагы Антикоррупциялык кызматты жойгон. Мындан тышкары Тергөө башкармалыгы жоюлуп, коррупциялык мүнөздөгү бардык иштерди Башкы прокуратурада түзүлгөн атайын Тергөө башкармалыгы тергей турган болгон.

  • 16x9 Image

    Марат Тагаев

    Марат Тагаев – “Азаттык” радиосунун кабарчысы. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG