Кыргызстан 10 жылга созулган парламенттик-президенттик башкаруу формасынан соң кайрадан президенттик башкарууга кайтты. Оппозиция менен жарандык коом өлкөдө "өзүм билемдик" бийлик орноп, саясий куугунтук күчөйт деп кооптонушкан. Мамлекеттик бийликтин эки тизгин, бир чылбырын колуна алган саясий жетекчиликтин оппозициялык маанайдагы күчтөргө мамилеси кандай болду?
2021-жыл Кыргызстандын тарыхында мурда-кийин мамлекеттик кызматты ээлеген, коомдук турмушка активдүү катышкан активисттер көп камалган жылдардын бири болду. Бир катар саясатчылар Кумтөр кенине байланыштуу кылмыш ишинин кылтагына илинди.
Жыл башында өткөн президенттик шайлоодо жеңген Садыр Жапаров март айында “Азаттык” радиосу менен болгон кеңири маегинде өлкөдө "мындан ары саясий куугунтук болбойт" деп кесе айткан.
“Иши далилденсе анан камагыла деп айтып жатам. Сотторго, тергөөчүлөргө ар бир кылган ишиңерге керт башыңар менен жооп бересиңер деп эскерттим. Мындан ары куугунтук болбойт.”
27-декабрда “Кой-Таш окуясы” боюнча экинчи жолу камалган саясатчы Равшан Жээнбеков Бишкектеги №1 тергөө абагынан чыкты. Ал 1-декабрдан тартып күчүнө кирген жаңы Жазык-процессуалдык кодексине ылайык бошотулган. Жаңы кодекс боюнча айыпталуучуну бир жылдан ашык тергөө абагында же үй камагында кармоого болбойт.
Жээнбеков камакка алынышын саясий ишмердиги менен байланыштырып, "саясий куугунтукка кабылганын" айтат. Ал 10-январдагы президенттик шайлоого катышкан. Андан башка президенттик шайлоого катышкан дагы үч саясатчы абакта отурат. Алар “Белизгейт” иши боюнча январь айында камалган Абдил Сегизбаев, январь айында Октябрь окуялары боюнча эки жолу камалып, эки жолу үй камагына чыгарылган, августта “Бийликти күч менен басып алууга” шектелип камалган Курсан Асанов. 28-ноябрдагы парламенттик шайлоодон кийин “аймактар аралык кастыкты козутууга” шектелип камалган Бактыбек Калмаматов.
Бийликтин саясатын кескин сындап жүргөн Жеңиш Молдокматов 2020-жылкы октябрь окуяларындагы башаламандыкты уюштурууга айыпталып камалган. Жогорудагы саясатчыларга сот өкүмү чыга элек.
Сот активист Тилекмат Кудайберген уулун “бийликти басып алууга чакырык”, “добуш сатып алуу” беренелери менен күнөөлүү деп таап, бир жарым жылга абакка кести. Ал учурда Чүйдөгү №27 колонияда жазасын өтөп жатат.
Мурдагы акыйкатчы Токон Мамытов абактагы саясатчылардан саясий куугунтукка кабылганын билдирген кайрылуулар түшкөнүн, бирок Башкы прокуратура аларды "негизсиз" деп тапканын айтты.
“Биз укуктук баа бериш үчүн Башкы прокуратурага кайрылганбыз. Башкы прокуратура баш болуп, башка укук коргоо органдары биригип мындай көрүнүш жок деп четке кагышты. Акыйкатчы институту өз алдыбызча саясий куугунтук деп баа бере албайбыз. Бирок айрым саясатчылардын ишинде кандайдар бир деңгээлде мыйзамга туура келбеген жерлер бар деп Башкы прокуратурага сунуштарды бергенбиз”.
Август айында 2020-жылкы октябрдагы массалык башаламандыктар боюнча иштин алкагында 6-январдан 10-февралга чейин бир катар активисттердин, коомдук ишмерлердин жана депутаттардын телефону тыңшалганы белгилүү болду. Алардын арасында президенттик шайлоого катышкан талапкерлер Абдил Сегизбаев, Адахан Мадумаров, Клара Сооронкулова, Курсан Асанов өңдүү саясатчылар дагы бар.
Акыйкатчы инситуту коомдук-саясий иштерге аралашып жүргөн жүздөй адамдын телефонун тыңшоого баа берүү үчун Башкы прокуратурага эки жолу кайрылды.
“Реформа” партиясынын лидери Клара Сооронкулова өлкө жетекчилери "саясий куугунтук болбойт" деген убадасын аткарган жок деп эсептейт.
“Мисалы, Жеңиш Молдокматов менен Бактыбек Калмаматовго коюлган айып күлкүлүү да. Азыр кырдаалды көрүп жатасыңар. Булардын кылган ар бир кадамына эл нааразы. Тарых көргөзгөндөй, мындай чыңалуу жарылат. Ошондуктан азыркы бийлик стабилдүүлүк болушу үчүн куугунтукту токтотуп, оппозиция менен сүйлөшүүгө барышы керек”.
2021-жыл Кыргызстандын тарыхында мурда-кийин мамлекеттик кызматты ээлеген, саясатка активдүү катышкан адамдар эң көп камалган жылдардын бири болду. Бир катар саясатчылар Кумтөргө байланыштуу кылмыш ишинин кылтагына илинди.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Каныбек Осмоналиев кылмыш иш менен саясий куугунтуктун чегин так ажырата билиш керек деп эсептейт.
“Экономикалык кылмыш иштери менен камалгандарды саясий куугунтукка аралаштырбаш керек. Мисалы, Кумтөр жана башка экономикалык кылмыш иштер менен камалгандар туура камалды. Алардын ичинен дагы саясий куугунтук деп кыйкырып чыккандар болуп жатпайбы. Ал эми Жеңиш Молдокматов, Бактыбек Калмаматовдун ишинде кептин баары чектин жоктугунда болуп жатат. Эки жигитибиз чынында эле көйгөйлүү маселени көтөргөн менен, аны таратууда өтө агрессивдүү, чакырык формасында уюштурганы жакшы болгон жок”.
Тыңшоо жана чуулгандуу аудио
Парламенттик шайлоону утурлай сентябрь айында интернетке тараган аудио сүйлөшүүгө жана президенттин атына жазылган кайрылууга байланыштуу жоон топ саясатчы суракка алынды.
"Маданият кызматкерлеринин кайрылуусу" деген катка байланыштуу Бакытбек Жетигенов, Алтынбек Сулайманов, Акматбек Келдибеков, Исмаил Исаков, Туйгунаалы Абдраимов, Жанарбек Акаев жана Канатбек Исаев Ички иштер министрлигинде сурак беришти. Чуулгандуу аудиодон соң “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүүгө” шектелип ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов менен Алмаз Сарыбаев камалды.
Президент Жапаров октябрь айындагы маалымат жыйынында саясий куугунтук жок экенин белгилеп, "ар ким жасаган иши үчүн жооп берип жатканын" кайталады.
“Суракка чакырбаганда эмне кылат, чакырык жасап жатса? Мурдагыдай президент отуруп алып “тигини кама, муну чыгар” деген заман жок азыр. Чакырык жасап жатса ИИМ менен УКМК тынч отурушу керекпи? Система иштеп жатат, мыйзамдар иштеп жатат азыр”.
Коомдук активист Адил Турдукуловдун пикиринде, адатта шайлоону утурлай "саясий айдыңды тазалоо аракети" жүрөт.
“Саясий куугунтукка кимдер кабылды деген талаш жүрүп келе жатпайбы. Менин оюмча, саясий туткун деп бийликке каяша айткан, курч сын-пикирин билдирген, элдин назарын бурган саясатчыларды атасак болот. Анын ичине Жеңиш Молдокматов. Бактыбек Калмаматов, Равшан Жээнбековду кошот элем. Ошол эле Атамбаевди дагы саясий туткун десек болот. Аларды аппапак деп дагы айта албайм. Бирок аларга козголгон кылмыш иштер реалдуу эмес болуп жатпайбы. Ал эми быйыл “Кумтөр иши” жана экономикалык кылмыштар боюнча камалгандарды саясий туткун деп эсептебейт элем”.
Президенттин алдындагы Башкаруу академиясынын ректору Алмазбек Акматалиев сот чечими чыкмайын "саясий куугунтук", "саясий туткун" деген сөздөрдү колдонуудан качууга чакырууда.
“Конституцияда соттун чечими чыкмайын бир дагы адамды күнөөлүү же күнөөлүү эмес деп айтканга болбойт. Биз баарыбыз ушуга көнүшүбүз керек. "Фейсбуктан" "баланча күнөөлүү, түкүнчө күнөөлүү эмес, тиги камалсын, буга боштондук" дей берген укуктук маданиятка жатпайт. Саясий куугунтук дегенди этият колдонсок деген ой. Анткени учурунда саясий куугунтук артында партиясы, колдоочусу бар саясатчылар Өмүрбек Текебаев, Садыр Жапаровго ачыктан-ачык колдонулган да”.
2021-жыл Кыргызстанда саясий атаандаштык менен күрөштүн жылы болду. Жыл президенттик шайлоо менен башталып, 29-декабрда Жогорку Кеңештин VII чакырылышы ишин баштады. Бирок саясатчылар кириптер болгон кылмыш иштери аягына чыга элек. Учурда Кой-Таш окуясы, Октябрь окуялары сотто каралууда, ал эми "Кумтөр ишин" иликтеген тергөө жүрүп жатат.