Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:20

Бишкекте эл аралык музыка жана бий конгресси өтөт


Илюстрациялык сүрөт.
Илюстрациялык сүрөт.

20-22- апрель күндөрү Бишкекте IX эл аралык музыка жана бий конгресси башталат. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, иш-чарага оффлайн жана онлайн режиминде 100дөн ашуун илимпоздор илимий баяндамалары менен катышат.

Аны министрлик Улуттук илимдер академиясынын А.Алтымышбаев атындагы Философия, укук жана социалдык-саясий изилдөөлөр институту, Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, “Кыргыздын салттуу музыкасы” фонду, Туркиянын Саккарья университети менен биргеликте уюштурууда.

Конгресске Индия, Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан, Түркия, Германия баштаган он беш өлкөдөн окумуштуулар катышат.

“Ааламдашуу доорунда салттуу музыкалык искусствону сактап, өнүктүрүү, тарыхый, маданий, философиялык, социалдык маселелерин талкуулап, бий өнөрүнүн кино, музей, адабият, театр, колдонмо өнөрлөрдө чагылдырылышын, маданият саясатындагы азыркы абалын ортого салуу конгресстин башкы максаты “– деп айтылат мекеменин маалыматында.

Иш-чара 20-25-апрель күндөрү Кыргызстандагы кезектеги Салттуу музыка жумалыгынын алкагында уюштурулуп жатат. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG