Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:17

Иликтөөчү журналист Болот Темиров кайрадан суракка чакырылды


Болот Темиров командасы менен атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиевдин тууганынын аты аталган иликтөө жарыялангандан кийин камалып, кайра бошотулган.
Болот Темиров командасы менен атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиевдин тууганынын аты аталган иликтөө жарыялангандан кийин камалып, кайра бошотулган.

Temirov LIVE компаниясынын негиздөөчүсү, иликтөөчү Болот Темиров 20-апрелде 10:30га суракка чакырылды. Бул тууралуу Темиров өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазды.

"Кечээ дагы үч кылмыш иши козголгону тууралуу протокол менен таанышып чыгууга убакыт беришти. Арыз жазууга дагы убакыт табуу үчүн. Бирок бүгүн эртең менен чакыруу келди", - деп жазган журналист.


Мунун алдында Темиров өзүнө карата дагы үч кылмыш иши козголгонун жазган. Журналист муну кесиптик ишмердүүлүгү менен байланыштырууда. Ал бийлик ага жана анын командасына басым жасап жатканын белгилеген.

Журналист кылмыш иши кайсы берене боюнча козголгонун ачык айткан эмес.

Ички иштер министрлиги комментарий бере элек.

Мунун алдында Temirov LIVE УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурастын компаниясы Жалал-Абадда бир нече тендерден утуп алганы тууралуу иликтөөсүн жарыялаган.

Иликтөөчү журналист Болот Темировду жана аны менен иштеген төкмө акын Болот Назаровду милиция быйыл 23-январда кармаган. Эртеси күнү экөөнү тең чет жакка чыкпоо тууралуу тилкаттын негизинде бошоткон.

Ошол эле күнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев журналисттерге брифинг уюштуруп, мамлекетке зыян келтирбегенин жана коррупцияга аралашпаганын айткан.

Анын алдында Болот Темировдун Ютубдагы Temirov LIVE каналына жемкорлук тууралуу иликтөө жарыяланып, анда Ташиевдин аты аталган.

Адвокат Нурбек Токтакунов кылмыш иши Жазык кодексинин 287-беренеси (Баңгизат каражаттарын жана психотроптук заттарды колдонууга көндүрүү) менен козголгонун, Темировго да, Назаровго да атайлап маңзат салып коюшканын билдирген.

Айыптар жана беренелер боюнча расмий маалымат азырынча жок. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG