Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:08

Токаевдин купуя үйү жана туугандарынын бизнеси


Сенаттын мурдагы башчысы, көп жылдар бою бийлик чөйрөсүндө жүргөн Касым-Жоомарт Токаевдин туугандары жөнүндө маалымат аз. “Азаттыктын” казак кызматы Касым-Жомарт Токаевдин жана анын туугандары кандай мүлктөргө ээлик кыларын, Казакстанда жана чет өлкөдө алардын кандай активдери барын, президенттин уулу менен президенттик администрация жетекчисинин бир тууганынын байланышын иликтеп көрдү.

Токаевдин VIP кошуналары

Алматынын совет доорунда партиялык төбөлдөрдүн эс алуу үйлөрү жана дачалары жайгашкан абройлуу району азыр жогору даражалуу кызмат адамдары менен олигархтардын кошунуна айланган.

Медеу муз тебүү жайына карай кеткен жолдун оӊ жагындагы “Алмалы” шаарчасына баруучу жол Шымбулак лыжа курорту жайгашкан тоо этегиндеги кооз жерден өтөт.

Жери, турак жайы өтө кымбат ушул райондо Касым-Жоомарт Токаевге тиешелүү объект бар. 1,5 миң чарчы метрден ашкан аянты менен кошо каралуучу алды жагы жарымы тегерек терезелүү чоң үйдүн орду эле 30 сотых.

“Алмалы” коттедж шаарчасынын чегинде экс-президент Нурсултан Назарбаев менен анын жакындарынын да кыймылсыз мүлкү жайгашкан. Алматы, 2022-жыл, 4-апрель.
“Алмалы” коттедж шаарчасынын чегинде экс-президент Нурсултан Назарбаев менен анын жакындарынын да кыймылсыз мүлкү жайгашкан. Алматы, 2022-жыл, 4-апрель.

Кошуна турган бул сарайдан эч кем калбаган үйлөр бар. Шаарчада Нурсултан Назарбаевдин (эми мурдагы десек болот) резиденциясы да жайгашкан.

Ушул жылдын февраль айына чейин ал “Элбашы фондуна” караштуу “Кыймылсыз мүлктү башкаруу дирекциясы” компаниясына таандык болчу. Эки ай мурда бул объект тартуулоо келишиминин негизинде Мамлекеттик мүлк жана менчиктештирүү комитетине өткөрүп берилди.

Өкмөттүн токтомунда эки тик учак конуучу аянтчасы бар имарат “меймандардын башкы резиденциясы” деп көрсөтүлгөн.

Назарбаевдерге байланыштуу дагы алты гектар жери менен эки сарайы бар “Наурыз” жана “Алмалы” компаниялары да ушул шаарчада. “Азаттыктын” иликтөөсүндө “Алмалы” корпорациясы өкмөттүн чарба башкармалыгын менчиктештирүү аркылуу түзүлгөнү тууралуу айтылды.

Назарбаев менчик фонд аркылуу ээлик кылган резиденциялардын бири. Февралда бул объект мамлекеттин менчигине кайтарылды.
Назарбаев менчик фонд аркылуу ээлик кылган резиденциялардын бири. Февралда бул объект мамлекеттин менчигине кайтарылды.

Шаарчада Виктория жана Нурмухаммед Жунусовдордун да кыймылсыз мүлктөрү бар. Алар чарба башкармалыгын жетектеген маркум Владимир Нинин кыздары. Ни Назарбаевдин эң жакын жардамчысы болгон.

Ушул эле шаарчада мурдагы премьер-министр Имангали Тасмагамбетовдун кызы Аселдин жана анын күйөөсү Кенес Ракишевдин хан сарайы бар.

Имангали Тасмагамбетовдун кызы Аселдин жана анын күйөөсү Кенес Ракишевдин хан сарайы.
Имангали Тасмагамбетовдун кызы Аселдин жана анын күйөөсү Кенес Ракишевдин хан сарайы.

Токаевдин хан сарайы

Касым-Жоомарт Токаев Алмалы шаарчасындагы 30 сотых жер үлүшүнө качан ээ болгону белгисиз. Бул жер кадастр баалоосунан 2008-жылы өткөн, үч жылдан кийин анда чоң үйдүн пайдубалы түптөлгөн.

Үй Касым-Жоомарт Токаевдин менчиги болчу. Расмий маалыматтар боюнча азыр бул кыймылсыз мүлк башка адамга катталган.
Үй Касым-Жоомарт Токаевдин менчиги болчу. Расмий маалыматтар боюнча азыр бул кыймылсыз мүлк башка адамга катталган.

Ушул үйгө абдан окшош объект 2022-жылы февралдын башында сатыкка коюлган. Krisha.kz жарыялар сайтында имараттын сырткы жасалгасы бүткөнү, ичинде оңдоло турган жерлери бар экени айтылган. Тамдын баасы 1 млрд. 900 млн. теңге (учурдагы курсу боюнча 4,2 миллион доллардан ашат).

Бул үй бир нече жыл мурда кеңейтилип, төрт капталдуу кара чатыр менен жабылган. Кайра курулганга чейин бул үйдүн ичи өтө кооздолгон окшойт.

Krisha.kz сайтындагы жарыянын скрини.
Krisha.kz сайтындагы жарыянын скрини.

“Азаттыктын” кабарчылары сатык жөнүндөгү жарыяда көрсөтүлгөн телефонго чалып, ал үйдү барып көрүшкөн. Биринчи кабаттагы шыптын бийиктиги төрт метр. Бөлмөлөрү кенен, жарык. Жертөлөсүндө сауна жана кинозал кылып жабдыганга ылайыктуу жайлар бар. Ортомчу сатуучу кардар кааласа, чатырдын астындагы кабатты да турак жай кылып алса болот деди.

Биринчи кабаттагы бөлмөлөрдүн бирин мында “майнинг ферма” иштейт деп сатуучу ачпай койду. Ал жактан иштеп жаткан аппараттардын шоокуму угулуп турду.

Ээси Токаев деп көрсөтүлгөн үйдүн жабык бөлмөсү. Сатуучу анга майнинг ферма иштейт деди.
Ээси Токаев деп көрсөтүлгөн үйдүн жабык бөлмөсү. Сатуучу анга майнинг ферма иштейт деди.

Криптовалютанын күңүрт майнингин жүргүзүүгө Казакстанда тыюу салынган. “Азаттык” Керей-Жанибек хандар көчөсү, 97 дарегиндеги иштеп жаткан болушу ыктымал майнинг ферманын мыйзамдуулугун текшерүүнү жана жыйынтыгын кабарлап коюуну өтүнүп, Энергетика министрлигине суроо-талап жиберди. Жооп азырынча келе элек.

Сатуучу жекече сүйлөшкөндө бул үй Токаевге таандык болгон, бирок бир нече жыл мурда сатылган деди. Бирок быйыл январда кадастр тутуму боюнча бул жердин ээси деп Касым-Жоомарт Токаев көрсөтүлгөн эле. Бул базада Жер кодекси боюнча маалыматтар жыл сайын жаңыртылып турат.

Жер кадастрынын маалыматтар базасында үй жайгашкан жер Касым-Жоомарт Токаевге таандык экени көрсөтүлгөн.
Жер кадастрынын маалыматтар базасында үй жайгашкан жер Касым-Жоомарт Токаевге таандык экени көрсөтүлгөн.

Февралдын аягында “Жарандар үчүн өкмөт” корпорациясы суроо-талапка жооп кылып кыймылсыз мүлктүн ээси катары такыр башка адамды көрсөттү.

Дипломаттарды кабыл алуу үйү кандайча жеке менчикке өткөн?

Токаевдердин үй-бүлөсүнүн Алматыдагы башка кыймылсыз мүлк объектисине да тиешеси бар. Абай проспектиси менен Желтоксан көчөсүнүн кесилишиндеги бул имарат мурда Тышкы иштер министрлигинин кабыл алуу үйү деп аталчу. Бул тарыхый архитектуралык эстеликти Жети-Суудагы тамеки фабрикасынын ээси көпөс Гаврилов 115 жыл илгери курган. Анын долбоорун архитектор Андрей Зенков чийген.

Алматыдагы мурдагы ТИМдин Кабыл алуу үйү. Бул объект 2000-жылы менчиктештирилип, Токаевдин туугандарынын колуна өткөн
Алматыдагы мурдагы ТИМдин Кабыл алуу үйү. Бул объект 2000-жылы менчиктештирилип, Токаевдин туугандарынын колуна өткөн

Тышкы иштер министрлиги 2000-жылы борбор шаарга көчүрүлгөндөн кийин бул имарат жана жети миңдей квадрат метр жер аянты Алматы акимиатынын карамагына өткөрүлгөн. Маркум журналист Геннадий Бендицкий аким Виктор Храпуновдун тушунда объект 350 миллион теңгеге оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн, анан менчиктештирилген деп жазган. Аны Токаевдин карындашынын компаниясы ээлеген. Ал Кабыл алуу үйүн 280 миллион теңгеге сатып алган. Журналист Бендицкий бул сумма имараттын оӊдоо чыгымына да жетпейт деп белгилеген.

Касым-Жоомарт Токаев ал кезде тышкы иштер министри болчу. 2006-жылы журналист Бендицкий базар баасы боюнча үч имарат менен жердин наркы миллиард долларды түзгөн, азыр бир нече эсе кымбат болушу керек деп жазган.

Кабыл алуу үйүнө Карлыга Избастина Meerbusch деп аталган компания аркылуу ээлик кылган. Кийинчерээк фирманы негиздөөчүлөрдүн тизмесине анын кызы Дана Медеуова да кошулган.

Кабыл алуу үйүнө ээлик кылган компанияны негиздөөчүлөрдүн катарында Токаевдин жээни Дана Медеуова да бар.
Кабыл алуу үйүнө ээлик кылган компанияны негиздөөчүлөрдүн катарында Токаевдин жээни Дана Медеуова да бар.

Азыр “Кабыл алуу үйү” шериктештиги Рахимбек Тасболатовго таандык. “Азаттык” аны менен Токаевдин үй-бүлөсүнүн ортосунда кандайдыр бир башка туугандык катыштардын бар экенин аныктай алган жок.

Токаевдер жана Нуртлеу. Алардын кандай байланышы бар?

Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаев менен президенттик администрация башчысы Мурат Нуртлеунун жакындыгы иштеген жерине - Акордага эле байланыштуу эмес. Алардын өмүр баяндарын кунт коюп иликтегенде Нуртлеу Токаевдин ишенимдүү адамы экенин көрүүгө болот.

Касым-Жомарт Токаев жана анын администрациясынын жетекчиси Мурат Нуртлеу.
Касым-Жомарт Токаев жана анын администрациясынын жетекчиси Мурат Нуртлеу.

Нуртлеу ТИМде 1998-жылы иштей баштаган. 2004-жылы ал ошол кездеги министр Токаевдин кеңешчиси болчу. Токаев сенатка келгенде, Нуртлеу парламенттин жогорку палатасынын аппаратына башчы болуп калды. Токаев БУУнун Баш катчысынын орун басары – Женевадагы Европа кеңсесинин деректири болуп турганда, Нуртлеу Казакстандын Женевадагы элчилигинде иштеген.

2019-жылы Токаев президент болду. Анын артынан калбай ээрчип жүргөн Нуртлеу Акордада кызмат ордуна ээ болду. Адегенде президенттин кеңешчиси, эки жылдан кийин президенттин администрациясынын башчысынын орун басары болууга жетишти. Январдагы кандуу окуялардын уу-дуусу күчөп турган чакта Нуртлеу Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды. Бирок бул ордунда ал бир айдан да аз иштеди. 1-февралда Токаевдин буйругу боюнча Нуртлеу президенттин администрациясынын башчысы болуп калды.

Президенттин уулу 38 жаштагы Тимур Токаев менен Мурат Нуртлеунун иниси Шалкар узак жылдар бою ишкердик мамиледе чогуу болушкан. 2016-жылы Шалкар Нуртлеу Тимур Токаевдин менчигиндеги “Фортиус” фирмасын жетектеди. Кийинчерээк Нуртлеу кызматтан кетти. Бирок алардын бизнестеги алакасы токтоп калган жок.

Президенттин уулу Тимур Токаев менен президенттин администрациясынын башчысынын иниси Шалкар Нуртлеу ишкер мамиледе чогуу болушкан.
Президенттин уулу Тимур Токаев менен президенттин администрациясынын башчысынын иниси Шалкар Нуртлеу ишкер мамиледе чогуу болушкан.

Токаев-Нуртлеу тандеми компаниянын жетекчилеринин тизмесинен да тез эле көрүнүп калды. 2017-жылы декабрда Чыгыш-Казакстан облусун электр кубаты менен камсыздаган “Бириккен энергосервис компаниясы” жеке менчикке өттү.

“Самрук-Энерго” улуттук компаниясы аны 11 миллиард 820 миллион теңгеге сатты. Кардары “БСЭК Холдинг” болду, анын негиздөөчүсү – “Караоба-2005” шериктештиги. “Караоба-2005ти” Kazakhstan Tungsten & Molybdenum Company шериктештиги түптөгөн. Анын түзүүчүлөрүнүн бири – Тимур Касым-Жоомартович Токаев. Бул чоң мүлк сатып алынгандан кийин Шалкар Нуртлеу “Бириккен энергосервис компаниясынын” деректирлер кеӊешинин төрагасы болуп дайындалды. Тимурдун чоң атасы бир болгон иниси Мухамед Избастин деректирлер кеңешинин мүчөсү болуп калды. Ачык маалымат булактарында айтылгандай, “Бириккен энергосервис компаниясынын” жылдык кирешеси 138 миллиард теңгени түзөт.

Шалкар Нуртлеу дагы бир нече компанияга ээлик кылат. Алардын бири – суусундук, мунун ичинен спирт ичимдиктерин да чыгаруучу “Көкчө-Тоо минерал суулары”. Ал “Көкчө-Тоо минерал сууларына” көзөмөл жүргүзүүчү “Азия суу” компаниясынын да эки негиздөөчүсүнүн бири болуп саналат. Бул ишкана “Туран” соода маркасы бар ичимдиктерди өндүрүп сатат.

Акордадагы жолугушуулардан тартылган сүрөттөрдө мурда столдордо “Тассай” суусу коюлганы көрүнүп турчу, азыр “Туран” коюла баштады. Президенттин резиденциясы “Туранды” качан тандаганын так айтуу кыйын, бирок Акордадан 2021-жылы августта тартылган сүрөттө Шалкар Нуртлеунун компаниясы куюштурган суу көрүнүп турат. Былтыр февралда Нуртлеунун агасы президенттин администрация башчысынын орун басары болуп калды.

Акордада “Туран” суусу “Тассайдын” ордун ээледи.
Акордада “Туран” суусу “Тассайдын” ордун ээледи.

Токаевдин жээндери. Президенттин карындашынын балдары эмне менен алектенет?

2019-жылы июнда Касым-Жоомарт Токаев карындашы Карлыганын күйөөсү Темиртай Избастинди Болгариядагы элчи кылып дайындады. Избастин Казакстандын бул өлкөдөгү дипломатиялык миссиясынын жетекчиси болгон. Избастиндердин балдары – Токаевдин жээндери чоӊ кызматтарды ээлеп, бизнес-түзүмдөрдү ачуу менен өсүп келишкен.

Избастиндин улуу кызы 43 жаштагы Дана Темиртаевна Медеуова Казакстан менен Болгарияда бизнес жүргүзөт. Ал Болгариянын борбору Софияда Dami Investment, Dami International жана SD Property Investments деген үч курулуш компанияга ээлик кылат. Үч компания тең бир дарекке катталган.

Темиртай Избастин Казакстандын Болгариядагы элчиси болуп иштейт. Анын кызы Дананын бул өлкөдө бир нече компаниясы бар.
Темиртай Избастин Казакстандын Болгариядагы элчиси болуп иштейт. Анын кызы Дананын бул өлкөдө бир нече компаниясы бар.

Орусиянын “Важные истории” сайтынын журналисттери кабарлагандай, Дана иниси Бекет Избастин экөө Чехияда кыймылсыз мүлктү ижарага берүүчү эки компанияга ээлик кылышчу. Азыр бул фирмалар иштебей калган.

Казакстанда Дана Медеуова Сал-сері арт-галереясына жана Funny school балдарды өнүктүрүүчү борборуна ээлик кылат. Ал ошондой эле геологиялык чалгындоо бизнеси менен да алектенет. Мисалы, анын ишканасы Түркстан облусундагы “Ермаксу” алтын кенинде иштеген. Statsnet сайтынын маалыматтарына ылайык, анын жеке ишканасынын кирешеси былтыр кескин жогорулап, 5 миллиард долларды чапчыган.

Дана Медеуова 2008-жылдан 2012-жылга чейин Абай атындагы Казак улуттук педагогикалык университетинин проректору болгон.

40 жаштагы Каныш Избастин улуттук компанияларда жетектөөчү кызматтарда турган. Январь окуяларынан кийин “Байтерек” холдингинин башкарма башчысынын биринчи орун басарлыгынан кетти. Каныш - улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары жана бажы көзөмөлү комитетинин башчысы болуп иштеп келген Козу-Көрпөш Карбузовдун күйөө баласы. Карбузов 2011-жылы жогорку даражалуу кызмат адамдары Кытайдан аткезчилик агымын уюштурду деп айыпталгандагы ызы-чуулуу “Хоргос ишинен” кийин бажыдан кеткен. Каныш Избастин Карбузовдун кызы Ботогөзгө үйлөнгөн. “Важные истории” сайты жазгандай, Ботогөз Карбузованын АКШда Майами штатында океан жээгинде 138 чарчы метрлик батири бар.

37 жаштагы Бекет Избастин – “КазМунайГаз" уюмунун бутагы болгон PSA компаниясынын баш деректири. Бул ири ишкананын жылдык бюджети триллион теңгеден ашат.

39 жаштагы Мухамед Избастин – ишкер. Мухамед быйыл Токаевдин демилгеси менен түзүлгөн “Казакстан халкына” фондуна 100 миллион теңге которду. Мухамед Избастин ага-инилеш бир тууганы Тимур Токаев менен биргеликте Abi Petroleum Capital мунай компаниясын ээлеп келген. Компания негизделген кезде алар 20 жаштын босогосун эми эле аттаган. Бул компаниянын таза кирешеси жүздөгөн миллиондор менен саналчу.

Тимур Токаев жана анын ага-инилеш тууганы Мухамед Избастин Abi Petroleum Capital мунай компаниясынын негиздөөчүлөрү болушкан.
Тимур Токаев жана анын ага-инилеш тууганы Мухамед Избастин Abi Petroleum Capital мунай компаниясынын негиздөөчүлөрү болушкан.

Кызыгы, бул компания мурун Алматыда Желтоксан көчөсү, 165 дарегине катталган. Бул даректе жогоруда айтылган Кабыл алуу үчү жайгашкан.
Соңку жылдарда Abi Petroleum Capital компаниясын Касым-Жоомарт Токаевдин карындашы Карлыга Избастина жетектеп келди. Экөө тең Тимур Токаевдин жана башка компаниянын өнөктөшү. Бөлөк акционерлер менен бирге алар Караганды облусундагы Өйдөкү Катпар жана Түндүк Катпар кендеринен вольфрам жана молибден казууга лицензияны Kazakhstan tungsten & molybdenum company аркылуу алышкан. Бирок бул компания эчтеке өндүргөн жок.

Kazakhstan tungsten & molybdenum’ду биз жогоруда Чыгыш Казакстан облусундагы энергетика компаниясынын менчиктештирилиши тууралуу сөз болгондо атадык эле. Бул чарба эмне менен алектенет, кирешеси канча экени жөнүндө ачык булактарда маалымат жок.

Казакстандагы "Токаев" дыйкан чарбасы жана чет өлкөдөгү кыймылсыз мүлк

Тимур Токаев жерди пайдалангандыгы үчүн мамлекетке салыкты толук төккөн эмес. Egov порталы кабарлагандай, анын 600 теңге карызы бар. Алматы облусунун айыл чарба башкармалыгынын маалыматтарына ылайык, “Токаев” дыйкан чарбасы 2016-жылы 500 гектар жерди ижарага алып, былтыр кайтарып берген.

Салык органдарынын маалыматы боюнча “Токаев” дыйкан чарбасынын 600 теӊге карызы бар.
Салык органдарынын маалыматы боюнча “Токаев” дыйкан чарбасынын 600 теӊге карызы бар.

2019-жылы Касым-Жоомарт Токаев президенттик кызматка келгенде, Казакстанда анын уулунун атына жазылган бир катар компаниялар жабылган. Тимур Токаев бир катар уюмдардын негиздөөчүлөр тизмесинен да чыкты.

Былтыр орусиялык оппозиция лидери Навальныйдын командасы Тимур менен анын энеси Надежда Токаеванын Москвада эки батири бар экенин, бирок менчик ээлеринин аттары кыймылсыз мүлк реестринде жашырып коюлгандыгын таап чыгышты. Уюшкан кылмыштарды жана коррупцияны изилдөө боюнча борбордун маалыматына ылайык, Тимур Токаев Женевада (Швейцария) үч объектиге ээлик кылат.

Иликтөөдө Швейцариядагы банкта Токаевдин үй-бүлө мүчөлөрүнүн эсеби ачылганы, ал аркылуу чоӊ суммалар өтүп турганы аныкталды. 1998-жылы Credit Suisse банкындагы Токаевдин жубайынын жана экөөнүн уулунун эсептеринде миллиондой доллар болгон. 2012-жылы банк жабылган соң Токаевдер Британиянын Виргиния аралдарында офшордук компанияларды ачкан деп жазышты иликтөөчүлөр.

Президент Токаевдин маалымат кызматындагылар бул иликтөөнү “фейк маалыматтар чабуулу” деп атады.

Азыр Тимур Токаев Кемел Токаев атындагы фондду жетектейт. Төлөнгөн салыктын өлчөмүнө караганда, фонддун бюджети чакан эле окшойт. Анын негиздөөчүлөрү да – Карлыга Избастина жана анын уулу Мухамед.

“Азаттык” президенттин администрациясына, Казакстандын Болгариядагы элчилигине жана Кемел Токаев атындагы фондго бул иликтөөдө келтирилген бир катар жагдайлар боюнча түшүндүрмө берүүнү өтүнүп, кат жүзүндө кайрылды. Азыркы учурда жооп келе элек.

Айрым маалыматтарды издөө жагынан “Азаттыкка” Гүлнара Жуаспаева жардам берди.

"Азаттыктын" казак кызматынын кабарчысы Манас Кайыртайулунын иликтөөсүнүн видеосун бул жерден көрсөңүз болот.

Макаланы орус тилинде бул жерден окуй аласыз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG