Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:27

Орусия Мариуполдогу украин аскерлеринин багынып беришин талап кылды


"Азовсталь" заводунун айланасындагы жардыруулар.
"Азовсталь" заводунун айланасындагы жардыруулар.

Орусиянын Коргоо министрлиги Мариуполдогу украин аскерлеринен 20-апрель, Москва убактысы боюнча саат 14.00гө чейин куралдарын таштап, багынып берүүсүн талап кылды.

Шаршембинин таңында украин аскерлери билдиргендей, орус армиясы Мариуполдогу "Азовсталь" заводуна чабуул коюуну уланттууда. Ал жакта украин аскерлери жана жайкын тургундар курчоодо турушат.

26-бригаданынын кол башчысы Сергей Волына заводду коргоп жаткан аскерлердин "акыркы күндөрү эмес, сааттары калганын" айтып, жардам сурады.

"Душмандын саны бизден он эсе көп",- деди ал.

Буга чейинки багынып берүү талаптарынан, украин аскерлери баш тартышкан.

Орус армиясы бул стратегиялык порт шаарды алса, орусиячыл жикчилдер көзөмөлдөгөн аймактар менен Москва аннексиялап алган Крым жарым аралын байланыштырууга жол ачылат.

Дээрлик сегиз аптага созулган кармашууда орус армиясы Киев жана башка шаарларды өз карамагына ала албай калган соң, Москва эми анын башкы максаты Донецк жана Луганск облустарын толук өз көзөмөлүнө алуу экенин билдирип жатат. (EzK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG