Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июнь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:53

Аба ырайы: жаан жаайт


Бишкек.
Бишкек.

Шашылыш билдирүү!

20-25-апрелде Кыргызстандын аймагында аба ырайы туруксуз болуп, маал-маалы менен жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Абанын температурасы төмөндөп, кээ бир жерлерде мөндүр жаашы мүмкүн. Айрым облустарда нөшөр жаан жаап, сел жүрүшү, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү ыктымал.

Аба ырайы

21-апрелде түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт. Тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Жалал-Абад облусунун кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 8...13, күндүз 17…22;

Талас жергесинде түнкүсүн 6...11, күндүз 16…21;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 10…15, күндүз 19…24;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 5...10, күндүз 14...19;

Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 14…19;

Бийик тоолордо түнкүсүн -1…-6, күндүз 1…6 градус.

Бишкекте маал-маалы менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 11…13, күндүз 20…22 градус болот. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG