Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:02

Еврокеңештин президенти Шарль Мишель Киевге күтүүсүз барды


Еврокеңештин президенти Шарль Мишель.
Еврокеңештин президенти Шарль Мишель.

Еврокеңештин президенти Шарль Мишель 20-апрелде Киевге күтүүсүз барды. Ал Твиттерге Киевдеги автобекетте тартылган сүрөтүн коюп, «Бүгүн Киевде. Демократиялык жана эркин Европанын борборунда» деп жазды.

Буга чейин Британиянын өкмөт башчысы Борис Жонсон жана Еврокомиссиянын президенти Урсула фон дер Ляйен Украинага колдоо көрсөтүү үчүн Киевге барган.

Ал арада АКШ, Британия жана Канада Донбассты коргоо үчүн Украинага орус армиясынын катуу чабуулуна каршы кошумча артиллерия жөнөтүүнү убада кылды.

Бул АКШ президенти Жо Байден 19-апрелде Британиянын премьер-министри Борис Жонсон, Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо жана башка Батыш лидерлери менен сүйлөшкөндөн кийин белгилүү болду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG