Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:57

Казакстанда каржылык пирамида иши боюнча белгилүү блогер камалды


Казакстандык блогер Мейржан Туребаев.
Казакстандык блогер Мейржан Туребаев.

Казакстанда Mudarabaн Capital компаниясынын иши боюнча блогерлер Мейржан Туребаев жана Мейирхан Шерниязов камалды. Бул тууралуу Tengrinews.kz сайты 20-апрелде Алматы сотуна таянып жазды.

Маалыматты адвокат Жанна Уразбахова да ырастап, блогерлер соттун чечими менен он күнгө камалганын билдирди.

Буга чейин каржы пирамидасын уюштурду деген айып менен Mudarabah Capital компаниясынын дагы төрт өкүлү камалган.

11-апрелде каржы пирамидасына алданып калганын айтып чыккан аял өзүнө өрт койгон.

Жергиликтүү маалымат каражаттары жазгандай, ал аялдын үй-бүлөсү каржы пирамидасына 45 миң доллардай акча салып, ала албай калган.

8-апрелде башка жабырлануучулар Алматыда пикет өткөрүп, полицияны иликтөө ишин тийиштүү жүргүзбөй жатат деп айыпташкан.

Алар ошондой эле Mudarabah Capital деген компанияны жарнамалаган белгилүү блогерлер Мейржана Туребаев менен Мейирхан Шерниязовду дагы жоопкерчиликке тартууга чакырган. (EzK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG