Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:43

Алматыда кыйноого кабылган Чолпонбек Сыдыковдун укугун эки өлкөнүн адвокаттары жактайт


Эки буту, кабыргалары сынган Чолпонбек Сыдыков Алматыдан Бишкекке "Тез жардам" менен жеткирилген.
Эки буту, кабыргалары сынган Чолпонбек Сыдыков Алматыдан Бишкекке "Тез жардам" менен жеткирилген.

Казакстанда Январь окуялары маалында кармалып, кыйноого кабылган кыргызстандык Чолпонбек Сыдыковдун укугун Кыргызстандын жана Казакстандын «Кыйноого каршы коалиция» уюмдарынын адвокаттары коргомой болду. Бул тууралуу бүгүн 20-апрелде «Азаттык» радиосуна Кыргызстандагы уюмдун басма сөз катчысы Нагима Озокеева билдирди.

Анын айтымында, комплекстүү соттук-психологиялык-психиатриялык жана соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, экспертиза жүргүзө турган комиссиянын курамы аныкталды.

Сыдыковду реабилитациялоо маселеси да чечилгени белгилүү болду. Кыйноонун курмандыгы болгон адамдардын "Алтер-Эго" реабилитациялык борборунун терапевти аны текшерип, дарылоо жана калыбына келтирүү боюнча чечим кабыл алат.

Эмерек орнотуучу болуп Казакстанга барып-келип иштеп жүргөн 47 жаштагы Чолпонбек Сыдыков Алматыдан Бишкекке кайтып келе жатканда 8-январда кармалган. Коңшу өлкөнүн күч кызматкерлери аны талап-тоноочулук жана башаламандык айыптарын мойнуна алууну талап кылышкан. Эки буту жана кабыргалары сынган, мээси чайкалган абалда ал январь айынын соңунда Бишкекке жеткирилип, дароо ооруканага жаткырылган.

Сыдыков жана ошол күндөрү Алматыда кармалып, ур-токмокко алынган дагы бир кыргыз жараны Викрам Рузахунов боюнча Казакстандын Жазык кодексинин 146-беренесинин (“Кыйноо”) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатканын 14-февралда Кыргызстандын акыйкатчысынын аппарат башчысы Аскат Азарбеков билдирген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG