Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:28

“Кумтөрдөн” Ысык-Көлгө бөлүнгөн 61 миллион доллар туура эмес колдонулганы белгилүү болду


“Кумтөр” ишканасынан 2020-жылы Ысык-Көлдүн экологиясын коргоого бөлүнгөн 60 миллион доллардан ашык каражатты ошол кездеги өкмөт башка максатта колдонгону бүгүн 20-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында айтылды. Депутаттардын кароосуна 2020-жылдын республикалык бюджетинин аткарылышын бекиткен мыйзам долбоору коюлду.

Эсеп палатасы "Кумтөр" бөлгөн 64 миллион доллардын 60,1 миллиону бюджетти колдоого жумшалып кеткенин билдирди.

Депутат Балбак Түлөбаев бул акча кайра ордуна коюлушуна көзөмөл жүргүзүлөрүн айтты:

“Ысык-Көлгө экологияга, инфраструктурага бөлүнгөн 61 миллион долларды кайра коюп койгула. Аны силер башка максатта колдонгонсуңар. Экология деп кыйкырып, экология деп жанталашып жүрөбүз, 61 миллион долларды ошол убактагы өкмөт башка иштерге колдонуп салган. Ошону кайра коюп койгула. Биз муну аягына чейин чыгарабыз”.

2020-жылдын республикалык бюджетинин аткарылышы боюнча аудиттик текшерүү “аябай көп жетишпестикти” аныктап чыкканын Эсеп палатасынын аудитору Алимжан Байгазаков билдирди. Анын айтымында, сөз жалпысынан 43 миллиард сом жөнүндө болууда, жетишпеген акча боюнча тийиштүү органдарга маалымат берилген.

Каржы министринин орун басары Мелс Аттокуров Эсеп палатасы айтып жаткан акча бекитилген бюджеттин алкагында коротулганын, мыйзам бузуу болбогонун айтты.

Натыйжада маселе парламенттин күн тартибинен алынып, кайра тармактык комитетте кароого жөнөтүлдү. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG