Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:14

"Санарип көчмөндөр": Кыргызстан IT-адистерге шарт түзө алабы?


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Кыргыз өкмөтү маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жаатында иштеген чет элдик жарандарды өлкөгө тартуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзө баштаганын айтууда. Өлкө башчы "санарип көчмөндөр" боюнча атайын буйрук чыгарып, Экономика жана коммерция министрлиги убактылуу жобонун долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Эксперттер IT-адистерди Кыргызстанга тартуу өлкө экономикасы үчүн маанилүү экенин белгилеп жатышат.

Александр Сейгаров, орусиялык IT адис
Александр Сейгаров, орусиялык IT адис

Александр Сейгаров Орусияга салынган туташ санкциялардан улам өлкөдөн чыгып кеткен IT-адистердин бири.

Ал 15-мартта бир компанияда чогуу иштеген он кесиптеши менен Бишкекке келип, каттоодон өтүп, кадимкидей иштеп жатат.

"Биз жаңы келгенде Бишкекте ондон ашуун кишиден турган жамаатка коворкинг же коливинг табуу бир аз татаал болду. Анткени Орусиядан келген IT-адистеринин агымы көп болчу. Эгерде айтишник жалгыз өзү келсе, баары жайында болот. Эгерде компания же жамааты менен келсе, анда көйгөй жаралышы мүмкүн".

"Кыргызстанда шарт болгондо, көп IT-компаниялар келмек"

Александр Кыргызстанда ири IT-компаниялардын иштөөсүнө ыңгайлуу шарттар жок экенин айтат. Өзбекстандын бул багыттагы аракетин мисал келтирип, Ысык-Көлдү же Бишкекти буга ылайыктуу аянтча деди.

"Өзбекстанда өзүнчө IT-шаарча бар. Ал жакка компаниялар толугу менен жайгашып, иштей алат. Беларуста EPAM Systems деген ири компания бар. Биздин өлкөдө окуялар башталып, каттоо иштери жүрүп жатканда алар жүздөгөн кызматкеринин баарын Грузияга же Өзбекстандын IT-шаарчасына жөнөтмөй болушкан. Өзбекстанда алардын чоң жамаатына дароо эле орун табылып, компанияны толук бойдон которуп кетти. Тилекке каршы, Кыргызстанда мындай нерсени көрө алган жокмун. Адамдардын ушундай топторуна орун берген коворкингдер менен коливингдер бар экен. Бирок компанияларды толук бойдон кабыл ала турган масштаб жетишпейт. Эгерде Бишкекте же Ысык-Көлдө ушундай мүмкүнчүлүктөр пайда болсо, анда Орусиядан кандайдыр бир ири компаниялар штаттык адистерин толугу менен алып Кыргызстанга которулуп кетмек".

Бийликтин IT-агымды өзүнө буруу аракети

Кыргызстанда креативдүү индустрияны өнүктүрүү жана өлкөгө жогорку технологиялар жаатында иштеген адистерди тартуу демилгеси да көтөрүлүп келет. Эксперттер Орусиядагы кризистен улам ал жактан чыгып, ыңгайлуу орун издеп кетип жаткан IT-адистерди өзүнө тартуу Кыргызстандын экономикасына салым кошорун айтууда. Кыргыз бийлиги бул жаатта алгачкы кадамдарын таштап жатат.

Президент Садыр Жапаров 21-апрелде Кыргызстанда креативдүү экономиканы өнүктүрүү боюнча жарлык чыгарды. Анда экономиканын бул багытын мамлекеттин саясатындагы артыкчылыктуу багыттарынын бири катары кабыл алып, керектүү шарттарды түзүүнү тапшырган.

Ага ылайык, Министрлер кабинетине креативдүү экономиканы өнүктүрүү концепциясын бекитип, креативдүү индустриялар классификациясын аныктап, бул багытта парк түзүү тапшырмасы берилди.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев 23-апрелде "Креативдүү экономиканы өнүктүрүү концепциясы" өкмөттүн токтому менен бекитилгенин билдирди.

"Президенттин жарылыгына ылайык, креативдүү экономика Кыргызстандын экономикасынын жалпы багыттарынын бири. Ошондуктан, биринчи кезекте концепция кабыл алынды. Эми "Жогорку индустриялар паркы жөнүндө" мыйзам кабыл алынышы керек, биз аны токтом менен бекитебиз. Жакында креативдүү экономиканын өкүлдөрү жана ассоциация менен чогуу отуруп, иш-чаралардын планын иштеп чыгабыз", - деди Төрөбаев.

Президент ага чейин, 6-апрелде "санарип көчмөндөр" үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча тескемеге кол койгон. Анда IT-чөйрөсүндө иштеген заманбап, чыгармачыл жана жогорку квалификациялуу адистерди, инвесторлорду жана ишкерлерди тартуу, жаңы ишканаларды ачуу, инновациялык долбоорлорду жана экономиканын жогорку технологиялык тармактарын өнүктүрүүнү көздөрү белгиленген.

Анда да Министрлер кабинети бул багытта иштеген чет өлкөлүктөр үчүн виза алууну, өлкө ичинде каттоону жөнөкөйлөштүрүп, аларга консультациялык жардам берип, жагымдуу шарттарды түзмөй болгон.

23-апрелде Бишкекте креативдүү индустриялардын Create4 деп аталган алгачкы фестивалы өттү. Уюштуруучулар иш-чара заманбап реалдуулукта адамдын чеберчилигин жана чыгармачылыгын акчага айландыруунун мүмкүнчүлүктөрүн жана жолдорун көрсөтүүнү көздөрүн жарыялады.

Фестивалды чыгармачыл индустриянын өкүлдөрүн бириктирген масштабдуу аянтча болот деп ишеним артышууда. Ага Кыргызстандан, АКШдан, Орусиядан жана Казакстандан IT, санариптик кесиптер, искусство жана башка креативдүү тармактардын ийгиликтүү өкүлдөрү катышып, өз тажрыйбалары менен бөлүштү.

Иш-чарада сүйлөгөн президент Садыр Жапаров креативдүү экономика Кыргызстандын мамлекеттик саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири болорун билдирди.

"Өлкөбүз ааламдашуу шартында олуттуу өзгөрүүлөрдүн жана илимий-инновациялык саясатты өркүндөтүү алдында турат. Ушуга байланыштуу, билим берүүгө жаңы ыкмалар жана жаңыча усулдар зарыл. Коомчулукка белгилүү бир компетенцияларга ээ кадрлар гана эмес, өнүгүүгө жана инновацияга түрткү берген креативдүү адистер да керек. Кыргызстандын чыгармачыл коомчулугу келечекте туруктуу өнүгүүнүн кыймылдаткыч күчтөрүнүн бири катары дүйнөлүк чыгармачыл чөйрөгө активдүү интеграцияланышы керек. Мен ар бир мекендешимди жаратмандыкка умтулууга, чыгармачыл көз карашты калыптандыруу жаатында алектенүүгө жана келечекте ата мекендик гана эмес, дүйнөлүк коомчулуктун актуалдуу суроолоруна жооп издөөгө жарай турган интеллектуалдык продукцияны өндүрүүгө чакырам. Кыргызстандын ар бир жараны, кайсы гана тармакта болбосун, креативдүү, ошол эле маалда жаратман боло аларына үмүтүм чоң".

"Санарип көчмөндөргө" берилчү жеңилдиктер

Экономика жана коммерция министрлиги 15-апрелде чет өлкөлүктөргө "Санарип көчмөн" (Digital nomad) макамын ыйгаруу боюнча убактылуу жобонун долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Бул жобо кабыл алына турган болсо, макамды ыйгаруу май айында башталышы мүмкүн.

Экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Усенбекова "санарип көчмөндөргө" бериле турган жеңилдиктерди айтып берди.

Айнура Усенбекова, Экономика жана коммерция министринин орун басары
Айнура Усенбекова, Экономика жана коммерция министринин орун басары

"Негизинен каттоо, ишмердик жүргүзүүгө уруксат берүү жагынан жеңилдиктер берилет. Башкача айтканда, Кыргызстанга кирип, бул жакта иштөө үчүн уруксаттама документтерин алуу, каттоого туруу боюнча жөнөкөйлөтүлгөн процедуралар берилет. Ошондой эле, салык органдарында жана юридикалык компанияны каттоодо Юстиция министрлигинен жөнөкөйлөтүлгөн жолдор менен каттала алат. Макамды бир жылга берели деп жатабыз. Аны Кыргызстанга кире электе эле атайын платформадан онлайн режимде алышат. Жалпы режимде салык жана башка төлөмдөр жагынан жеңилдетүүлөр каралган жок".

Жобонун долбоорунда "Санарип көчмөн" болуу үчүн "Электрондук виза" порталы аркылуу онлайн түрүндө арыз берсе болот. Визанын баасы 500 доллар жана ал бир жылдык мөөнөткө берилет. Макамдын ээси Кыргызстанда ишке уруксат алуу жана келген жерине каттоого туруу зарылчылыгынан бошотулат. Юстиция министрлигинен жана Салык кызматынан жеңилдетилген кызматтарды ала алат.

Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Индира Шаршенова "санарип көчмөндөр" үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча кыска мөөнөттүү иш-чаралар планы иштелип чыгарын айтты.

Индира Шаршенова, Санариптик өнүгүү министринин орун басары
Индира Шаршенова, Санариптик өнүгүү министринин орун басары

"Бул багытта Министрлер кабинети, анын ичинде ар кандай мамлекеттик органдар өз функциясына жараша иш алып барып жатат. Кыска мөөнөттүү иш-чаралардын планы иштелип жатат. Укуктук жактан кандай жеңилдиктерди бере алабыз, кандай кадамдарды жасай алабыз деген анализдер жүрүүдө. Юстиция министрлиги тарабынан чет элдик жарандарды онлайн каттоо боюнча дагы алдын ала бир катар жумуштар жасалган. Аткарылган жумуштар тескемени аткаруунун негизинде болуп жатат".

Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, 1-марттан 11-апрелге чейин орусиялыктардын катышы болгон 67 юридикалык жак каттоодон өткөн. Алар негизинен дүңүнөн соода кылуу, IT-технологиялар жаатындагы программаларды иштеп чыгуу жана дары-дармектерди сатуу багытында иш алып барат.

Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков чет өлкөлүк IT-адистер үчүн каттоону жеңилдетүү каралып жатканын, электрондук кол тамганы алуу жана онлайн түрүндө каттоого туруу мүмкүнчүлүгү түзүлөрүн айтты.

Президенттин буйругунда Жогорку технологиялар паркына чет өлкөлүк компанияларды тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү тапшырмасы да берилген. Парктын президенти Чубак Темиров мамлекет кабыл алып жаткан чечимдер көп багыттуу пайда алып келет дейт.

Чубак Темиров, Кыргызстандын Жогорку технологиялар паркынын президенти
Чубак Темиров, Кыргызстандын Жогорку технологиялар паркынын президенти

"Бул тескеме Кыргызстанда Жогорку технологиялар паркы үчүн жана маалыматтык технологиялардын өнүгүшүнө жакшы түрткү берет. Каттоо боюнча көптөгөн көйгөйлөр бар. Азыр Кыргызстанда физикалык түрдө каттоого туруш керек. Мамлекет менен ошону онлайн форматка өткөрүү боюнча иштешебиз. Биринчиден, Жогорку технологиялар паркынын резиденттери жана кирешеси, анын эсебинен мамлекетке төлөнчү салык көбөйөт. Жогорку деңгээлдеги адистер келет, алар өз тажрыйбасын бөлүшөт. Жаңы багыттарды, жаңы компанияларды жана жаңы стартаптарды ачышат, тааныштарын Кыргызстанга тартат. Кыргызстандагы технологиялардын өнүгүшүнө жардам беришет".

"Санарип көчмөндүн" салымы чоң

"Санарип көчмөндөр" (digital nomad) деп аралыктан иштеп, ошол эле маалда дүйнө кезип саякаттап жүргөн адамдарды айтышат. Тагыраагы, алар саякатта жүрүп иштеген заманбап адистер. Дижитал-көчмөндөр "конуш" тандаганда ылдам жана туруктуу интернеттен тышкары климаттык, маданий, социалдык же дагы башка маанилүү шарттарга дыкат көңүл бурушат.

"Санарип көчмөндөр" көбүнчө программисттер, веб-иштеп чыгуучулар, дизайнерлер, сүрөтчүлөр, маркетологдор, авторлор, редакторлор жана онлайн соода жаатындагы адистер арасында кездешет.

Кыргызстандагы Ololo коворкинг борборлор тармагынын түзүүчүлөрүнүн бири Данияр Аманалиев "санарип көчмөндүн" бейнесин жана жашоо мүнөзүн мындайча сүрөттөдү.

Данияр Аманалиев, Ololo коворкинг борборлор тармагынын түзүүчүлөрүнүн бири
Данияр Аманалиев, Ololo коворкинг борборлор тармагынын түзүүчүлөрүнүн бири

"Санарип көчмөндөр" – онлайн иштеген адамдар. Алар Кыргызстанда жашап эле Американын бир компаниясында иштеп, тапкан акчасын бул жерде коротот. Мындай адамдар Кыргызстан үчүн өтө маанилүү. Анткени, алар Америкадан акча таап, бул жерде батирди ижарага алат жана тамак-аш сатып алып, экспорт сыяктуу операцияны жасайт. Алар короткон каражат – сырттан келген акча. Алардан Кыргызстандын экономикасына акча түз келет. Экинчиси - бул адамдар – өтө билимдүү келет. Алар ар түрдүү кесиптин ээлери. Албетте, көбү программисттер. Бирок, программисттерден башка дизайнерлер, аниматорлор же копирайтер болуп иштегендер да бар. Бүгүнкү күндө дүйнөдө маалымат менен, креатив менен иштеген адамдар кайсы жерде жашабасын такыр башка жерден акча таба алат".

Эксперттер Кыргызстандын "санарип көчмөндөр" үчүн ыңгайлуу жактары көп экенин айтышат. Ага башка өлкөлөргө караганда бул жактагы жашоонун арзандыгы, "демократия аралчасы" катары кабыл алынышы жана интернеттин арзан жана ылдамдыгы негизги себептер.

Кыргызстандагы креативдүү индустриялар ассоциациясынын президенти Назгүл Кубакаева чет элдик IT-адистер кыргыз экономикасына олуттуу түрткү берерин белгиледи.

Назгүл Кубакаева, Кыргызстандагы креативдүү индустриялар ассоциациясынын президенти
Назгүл Кубакаева, Кыргызстандагы креативдүү индустриялар ассоциациясынын президенти

"Тескеменин чыгышы, албетте, жакшы. Анткени азыр Орусиядан көчүп келип жаткандар өз тармагында ийгиликтүү иштеген даяр адистер. Эгерде аларга ылайыктуу шарттар түзүлсө, анда алар бул жакта жашап, ишин уланта бериши мүмкүн. Бул биздин экономикабыз үчүн пайдалуу. Анткени алар тапкан акчасын Кыргызстандын рыногунда сарптайт. Мындан тышкары, алардын тажрыйбасы менен алмашуу биздин жергиликтүү адистер үчүн абдан маанилүү. Биргелешкен долбоорлор пайда болушу мүмкүн".

Анткен менен мамлекеттик башкаруу боюнча эксперт Чынара Эсенгул мамлекет илимий изилдөөлөргө көп маани бербегендиктен, чечим кабыл алууда көп каталар кетет деп эсептейт.

Ал өлкөдө креативдүү экономиканы өнүктүрүүдө коңшу мамлекеттер сыяктуу алдын ала аракеттерди жасай билүү зарыл экенине токтолду.

Чынара Эсенгул, мамлекеттик башкаруу боюнча эксперт
Чынара Эсенгул, мамлекеттик башкаруу боюнча эксперт

“Бизде изилдөөлөрдү жана талдоону жүргүзүп, аларды өз учурунда мамлекеттик стратегияга киргизип туруу деген жок. Алдын ала көрө билип, ошого жараша чечимдерди кабыл алуу системага киргизилген эмес. Ошондуктан, биз дайыма артта калып келебиз. Борбор Азиядагы коңшу мамлекеттерде, мисалы Өзбекстанда, изилдөө институттары чындап күчтүү, мамлекеттик саясат алардын изилдөөлөрүнө таянып жасалат. Бизде андай саясат жок. Мисалы, Орусиядан келип жаткан айтишниктерди кармап калууга аракет кылып жатабыз. Бирок, жалпы статистиканы караганда, алар Кыргызстанга аз келди. Борбор Азия боюнча көбү Казакстан менен Өзбекстанга барышты".

Digital-көчмөндүктү жаңы экономикалык модель катары эсептеген пикирлер соңку жылдары көп айтыла баштады. Мындай өлкөлөрдө, аларды көбүрөөк убакытка кармап калуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө ынтызар болушат. Маселен, санарип көчмөндөр үчүн атайын айти-визаларды киргизип, укуктук артыкчылыктар менен салыктык жеңилдиктерди беришет. Эстония, Грузия, Чехия, Хорватия, Испания, Германия, Норвегия жана Тайландда "санарип көчмөндөр" өзгөчө бааланат.

Бишкекке келип иштеп жаткан чет элдик адистер эл аралык айдыңда Кыргызстан тууралуу маалымат өтө аз экендигин белгилешүүдө. Кыргызстанды дүйнөгө таанытуучу атайын программа иштеп, маалыматтык сайттар түзүлсө, аларда электрондук виза, анын мүмкүнчүлүктөрү, келүүнүн жол-жоболору, өлкөнүн ички эрежелери жана инфратүзүмдүк шарттары тууралуу маалыматтар кеңири таратылышын каалашат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG