Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:55

Креативдүү экономиканы өнүктүрүү боюнча жарлык чыкты


Президент Садыр Жапаров.
Президент Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров “Креативдүү экономиканы өнүктүрүү жана Кыргызстандын прогрессивдүү өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыкка кол койду.

Ага ылайык, Министрлер кабинети белгиленген тартипте креативдүү экономикасын өнүктүрүү концепциясын бекитип, креативдүү индустриялар классификациясын аныктап, бул багытта атайын парк түзүшү керек.

2022-жылдын 1-октябрына чейин креативдүү индустрияларды өнүктүрүүгө, креативдүү индустриялар паркынын, анын башкаруу органдарынын, резиденттердин иштөөсүнө, креативдүү индустриялар паркынын режимин түзүүнүн негизги принциптерин аныктаган ченемдик-укуктук актылардын топтому иштелип чыгып, Жогорку Кеңешке мыйзам долбоору сунушталат.

БУУнун Башкы Ассамблеясы 21-апрелди Дүйнөлүк чыгармачылык жана инновациялык ишмердик (креативдүү экономика) күнү деп, 2021-жыл БУУ тарабынан туруктуу өнүгүү максатында Креативдүү экономиканын эл аралык жылы деп жарыяланган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG