Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:19

Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 150 миллион доллар бөлөт


Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банктын кеңсесинде.
Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банктын кеңсесинде.

Дүйнөлүк банк Кыргызстандын климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу суу-чарба кызматын жакшыртуу боюнча долбооруна 100 миллион доллар бөлө турганын билдирди.

Банктын сайтындагы маалыматка караганда, аталган долбоор климаттын өзгөрүүсүнө каршы суу ресурсун эффективдүү пайдаланууну, жана бул багыттагы башкаруу институтун күчтөндүрүүнү көздөйт.

Буга чейин Дүйнөлүк банк Баткен облусун өнүктүрүүгө 50 млн. доллар бере турганы айтылган. Анын жарымы жардам, калган бөлүгү насыя түрүндө берилет. Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында насыянын пайыздык чени 0,75% түзө турганын айткан.

Банктын расмий сайтына жазылгандай, 19-апрелде Кыргызстандын финансы министри Алмаз Бакетаев менен Дүйнөлүк банктын Борбордук Азия боюнча аймактык директору Татьяна Проскурякова макулдашууга кол койгон.

"Бул долбоорду каржылоо Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы аркылуу өтө жеңилдетилген шарттарда берилет. Каржылоонун жарымы кайтарымсыз грант түрүндө, калганы 0,75% административдик төлөм менен кредит, аны төлөө мөөнөтү 38 жылга, алты жылдык жеңилдетилген мөөнөткө берилет", - деп айтылат маалыматта.

Ушул күндөрү Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Вашингтондо жумушчу сапар менен жүрөт. Расмий делегациянын курамында финансы министри Алмаз Бакетаев жана юстиция министри Аяз Баетов бар.

Жумушчу сапарынын алкагында Жапаров Дүйнөлүк банк тобунун жана Эл аралык валюта фондунун башкаруучулар кеңешинин жылдык жыйынына катышат, Кыргызстан менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы кызматташтыктын 30 жылдыгынын алкагында бир катар жолугушууларды өткөрөт.

Өкмөт сапардын алкагында экономиканы жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү, энергетика тармагына инвестиция тартуу, кичи ГЭСтерди жана Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга байланыштуу маселелер талкууланарын билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG