Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:21

Баткенди өнүктүрүү маселеси парламентте көтөрүлдү


Баткен.
Баткен.

Баткен облусун өнүктүрүү боюнча өкмөттүн иш-пландары жана программалары тууралуу ачык маалымат берилбей жатканы боюнча маселе Жогорку Кеңештин 21-апрелдеги жыйынында көтөрүлдү. Депутат Чыңгыз Ажибаев иш-пландары тууралуу Министрлер кабинетинен 1,5 ай мурда сураганын, жооп азыркыга чейин жок болуп жатканын айтты:

“Январь айында Акылбек Жапаров “Депутаттар, бюджетти бекитип бердиңер, эми 500 миллион сом Баткен облусуна бөлөбүз” деген. Мындан бир да кабар жок. Эл күтүп жатат”.

Министрлер кабинети быйыл 22-февралда Баткенде көчмө жыйын өткөрүп, облусту өнүктүрүүнүн саясий жана экономикалык багыттары талкууланган. Анда чек ара аймактарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү жарлыгы, Баткен облусуна ири инвестицияларды тартуу тууралуу да сөз болгон. Өкмөт башчы Акылбек Жапаров Баткенде жабылып турган чек аралар такталып, соода алака жанданып, келечекте транзиттик аймак болот деп ишендирген.

Кыргызстан Баткен облусунун аймагында Тажикстан жана Өзбекстан менен чектешет. Суу жана жер тартыш болгондуктан, чек ара тилкесинде чыр-чатактар катталып турат. 2021-жылдын жазында кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта 36 кыргызстандык курман болгон, үйлөр, социалдык объектилер жарактан чыккан. Тажикстан 19 жараны каза болгонун билдирген. Эки өлкө бирин бири айыптап, кылмыш иштерин козгошкон. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG