Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:15

Мектептерди 12 жылдык окууга өткөрүү боюнча “парламенттик угуу” болот


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мектептерди 12 жылдык окуу системасына өткөрүү маселесин Жогорку Кеңеш “парламенттик угуу” форматында талкууламай болду. Мындай сунушун “Ынтымак” фракциясы 21-апрелдеги отурумда билдирди.

Депутат Аида Исатбек кызы маселени бардык тараптардын катышуусу менен талкуулоо керектигин айтты:

“Биздин өлкө ошол системага өтүүгө даярбы? Анын оң жана терс жактары кандай болот? Аймактарга барганда шайлоочулар бул маселени көтөрөт. Ошондуктан депутаттар, министрлер, ата-энелер жана мугалимдер менен талкуулашыбыз керек”.

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев сөз болуп жаткан демилгени мектептерди эл аралык стандартка ылайыкташтыруу, чет өлкөгө окуу үчүн ыңгайлуу шарт түзүү деп түшүндүрүүдө. Эгер демилге колдоо тапса, даярдоо классы (0-класс) жоюлуп, балдар алты жаштан дароо эле 1-классты окуп башташат. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG