Президент демилгелеген "Жашыл мурас" улуттук долбоорунун алкагында быйыл кеминде 5 миллионго жакын көчөт отургузуу планы каралган. Ушул күндөрү өлкөнүн бардык аймактарында миңдеген көчөттөр тигилүүдө.
Айрымдар ирригация, сугат маселеси көңүлгө алынбай, бийлик эски система менен ишембилик өткөрүп жатат деп сын айтып жатышат.
Миңдеп тигилген көчөттөр
Соңку бир айдан бери дээрлик бардык министрлик, мамлекеттик мекеме-органдар "Жашыл мурас" өнөктүгүн колдоп, жапырт көчөт тигип жатат. Айрым жерлерде жаңы эс алуу бакчалары да түптөлүүдө.
Көчөттөрдү Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматы даярдап берип жатат.
“Жашыл мурас” өнөктүгүн ишке ашыруу үчүн токой чарбаларда алты миллион көчөт өстүрүлгөн. Анын 1,5 миллиону мамлекеттик токой фондунун жерине тигилет. Калган 4,5 миллионун калктуу конуштарга отургузуу үчүн токой чарбалар сатыкка чыгарды. Бүгүнкү күндө Кыргызстан боюнча 575 гектар жерге көчөт тигилди. Анын 51 гектары айыл аймактарда”, - деди токой экосистемаларын өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси Турдакун Абдыкадыров.
Маалыматка ылайык, көчөттөр мамлекеттик мекемелерге Токой кызматы менен түзүлгөн келишимдин негизинде берилүүдө. Анын баасын Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги көлөмүнө жана түрүнө карап бекитип берген. Тал-теректин көчөтү 20 сомдон, ийне жалбырактуу көчөттүн эң кымбаты 3500 сомго чейин сатылууда.
Токой чарбалар сунуштаган көчөттөрдү сатып алуу тартибин да өкмөт аныктап берген. Ага ылайык, 50% жергиликтүү бийликтин эсебинен төлөнөт. Калганын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрине караштуу жаратылышты коргоо фонду каржылайт. Анын эсеби быйылкы көчөт тигүү өнөктүгү аяктагандан кийин чыгарылат.
Президент баштаган өнөктүк
Президент Садыр Жапаров быйыл, 12-мартта Кыргызстандагы Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылынын алкагында "Жашыл мурас" улуттук өнөктүгү башталганын жарыялаган.
"Жашыл мурас" улуттук өнөктүгү өлкө боюнча жыл сайын белгиленчү салтка айланып, ар жылы 5-6 миллион даана көчөт отургузулмай болгону айтылган.
Анын алкагында өлкө боюнча жашылдандыруу чараларын камтыган ишембиликтер уюштурулуп жатат. Ушул күндөрү өлкө аймактарында мамлекеттик кызматкерлер, мугалимдер жана медиктер күрөк көтөрүп, көчөт тигип жана аны сугарып жатканын көрүүгө болот.
Бул долбоорду жумурай журт колдоого алууда. "Кыргызстандын студенттери жашыл экономика үчүн" аттуу уюмунун жетекчиси Омар Даиров ыктыярчылар менен бирдикте кеминде 7 миң көчөт отургузуу демилгесин көтөргөн.
"Азыр Баткенге барып 1000ге жакын көчөт отургузуп келдик. Эми Ош-Жалал-Абадга баралы деп жатабыз. Андан аркы жолубуз Талас, Чүй, Ысык-Көл жана Нарынга уланат. Бизге ыктыярчы студенттер жана окуучулар кол кабыш кылып жатат. Көчөттөрдү токой чарбасынан акысыз алып жатабыз. Ал эми ыктыярчылардын жол киресине, тамак-ашына кеткен чыгымды эл аралык уюмдар каржылап берүүдө. Биз атайын коруктарга барып ийне жалбырактуу көчөттөрдү отургуздук. Аларды сугарып кереги жок. Табигый жол менен сугарылат", - деди Даиров.
Президенттик администрациянын бөлүм башчысы Азамат Темиркулов мекемелер тигилген көчөт тууралуу ай сайын отчёт берип турарын айтты.
"Ар бир мамлекеттик орган тигилген көчөттөр тууралуу ар бир айдын бешине чейин Токой чарба департаментине отчёт жөнөтүп турушу керек. Бул бир дагы көчөт көзөмөлсүз калбашы үчүн керек. Биз ар бир көчөткө жетиштүү кам көрүлүшүнө көзөмөл жүргүзөбүз. Бир дагы тал-терек кароосуз калбайт”.
Президент Садыр Жапаров өткөн жылы Глазго шаарында өткөн БУУнун климаттык өзгөрүүлөр боюнча 26-саммитинде Кыргызстан БУУга 2022-жылды "Тоолорду туруктуу өнүктүрүү жылы" деп жарыялоо сунушун берген.
2021-жылдын 16-декабрында БУУнун башкы ассамблеясынын 76-сессиясынын катышуучулары Кыргызстандын демилгесин бир добуштан колдоп, 2022-жылды "Тоолорду туруктуу өнүктүрүү эл аралык жылы" деп жарыялоо жөнүндө резолюцияны кабыл алышкан.
Тигилген көчөттөр кароосуз калбайбы?
Бийликтин жашылдандыруу саясатынын ишке ашуусунан күмөн санагандар да болууда. Алар тигилген көчөттөрдүн куурап калышына тынчсызданып, буга өлкөнүн аймактарындагы ирригация системасынын жөнгө салынбаганын жүйө келтирүүдө.
Айыл чарба тармагы боюнча адис Манас Саматов бул аракетти "эски көз караш" деп баалады.
“Бул Советтер союзунан калган "коммунисттик ишембилик" деген куру демилге, чакырык бар эле. Биз ушундай эски көз караштардан арылышыбыз керек. Мен муну саясий пиардын бир түрү деп эсептейм. Бул өнөктүк чоң чыгым менен коштолот. Азыркы демилгенин келечегин көрбөй турам. Тигилген көчөттөр жылда эле куурап калат. Анткени анын ээси жок. Мейли, ал муниципалдык мекеме болсун. Азыр айыл өкмөттүн имаратынын алдындагы эски бактарды карагыла. Куурап турат. Азыркы тигилип жаткан көчөттөрдүн ээси болбосо, анын кереги жок. Канчалаган каражат асманга сапырылып жатат. Өтө өкүнүчтүү".
Көчөт отургузуу быйыл эле көтөрүлгөн демилге эмес. Жыл сайын жаз келгени көчөт отургузуу үчүн бюджеттен миллиондогон акча коротулары айтылып келет.
2018-жылы Бишкекти Албек Ибрагимов башкарып турган кезде баасы 9 миң сомду чапчыган көчөттөрдүн тигилиши коомчулуктун кызуу талкуусуна алынган.
Бишкек мэриясынына караштуу“Жашылдандыруу курулуш” (“Зеленстрой”) муниципалдык ишканасы ошол кезде экологдордун сунушу менен чет жактан 13 миллион 763 миң сомго бак-дарактардын алты түрүн сатып алынганын билдирген.
Бул окуяга байланыштуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кылмыш ишин козгогон. Бирок анын жыйынтыгы кандай болгону тууралуу маалымат айтылган эмес.
Ушул эле жылы Талас шаарынын мэриясы «Жерүй» кенинен түшкөн акчадан 4,5 млн. сомго Польшадан эки миң көчөт сатып алган. Бирок анын дээрлик 90 пайызы куурап калган.
Быйылкы тигилип жаткан көчөттөрдү болсо Кыргызстандын токой чарбасы өстүргөнү айтылууда. Бирок аны сугарууга келгенде арыктардын эскилиги, жетишсиздиги маселе жаратат.
Коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев көчөт отургузуу менен сугат маселесин айкалыштырып чечүү абзел дейт.
“Ирригация системасын биринчи даярдап алып, анан көчөт отургузалы дебей эле экөөнү тең чогуу алып кетсе болот. Көчөт сугарылбай турса, ага чакалап болсо да суу алып келип, аны өстүрүүгө аракет жасаш керек. Жоопкерчиликтүү мамиле болушу абзел. Былтыр кургакчылык болбодубу. Ошондо биз көчөт тиккенбиз. Өзүбүз суу ташып жатып, көчөттөрдү соолутпай алып калдык”.
Өткөн жылы Борбор Азияда кургакчылык болуп, сугат суу тартыштыгы Кыргызстандын айыл чарбасына да кесепетин тийгизген. Быйыл да суу талаптагыдай болбой калышы мүмкүн деген божомолдор бар.
Президенттик администрациянын бөлүм башчысы Азамат Темиркулов “Азаттык” радиосуна курган маегинде 2022-жылы ирригация маселесин чечүүгө бюджеттен 1 миллиард сом бөлүнгөнүн айткан. Бирок суу чарба башкармалыгынын башчысы Алмазбек Сокеев акча айдоо аянттарына гана суу жеткирүүгө жумшаларын айтып жатат.
“Биздин карамагыбызда 5800 чакырымдан ашык канал бар. Мындан тышкары суу сактагычтар, скважина сыяктуу объекттерди оңдоого 1 миллиард сом бөлүнгөн. Ал эми ички чарба каналдарды жөнгө салууга мэр же айыл өкмөт жооптуу. Биз аны карабайбыз".
Кыргызстанда суу пайдалануунун жалпы кɵлɵмү жылына 10-12 млрд. куб метрге жетет. Сууну жеткирүүдɵгү жоготуулар 2 млрд. метр кубдан ашары айтылып жүрөт. Өлкөдө 800 миң гектардай айдоо аянты бар.