Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:03

Кыргызстандын демилгеси менен 2022-жыл - "Эл аралык тоолор жылы" деп жарыяланды


Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 76-сессиясы.
Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 76-сессиясы.

Кыргызстандын демилгеси менен Бириккен Улуттар Уюму 2022-жылды - "Эл аралык тоолор жылы" деп жарыялады. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Тиешелүү резолюция 2021-жылдын 16-декабрында БУУнун Башкы ассамблеясынын 76-сессиясынын пленардык жыйынында кабыл алынган.

ТИМ тараткан маалыматка ылайык, токтом долбоорун кароонун алдында кыргыз тарапка аны тааныштыруу үчүн сөз берилген.

2022-жылды "Эл аралык тоолор жылы" деп жарыялоо демилгесин президент Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын сентябрдагы 76-сессиясынын жалпы дебатында жарыялаган. Бул 2002-жылы өткөн Биринчи глобалдык Бишкек тоо саммитинин 20 жылдыгын белгилөө максатында демилгеленген.

Бул Кыргызстандын демилгеси менен кабыл алынган тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү боюнча үчүнчү резолюция болуп калды. 16-апрелде БУУнун Башкы ассамблеясынын 75-сессиясынын алкагында “Жаратылыш чек араны билбейт” деп аталган биринчи резолюция, 23-ноябрда ЮНЕСКОнун 41-сессиясынын пленардык жыйынында Кыргызстандын демилгеси менен “Мөңгүлөргө мониторинг жана изилдөө жүргүзүүнү кеңейтүү” деген жаңы резолюция бир добуштан кабыл алынды

Тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык жылы жөнүндөгү резолюция БУУга мүчө бардык мамлекеттер тарабынан бир добуштан кабыл алынды. Мындан тышкары, 93 мамлекет бул документти колдогон.

2003-жылдан бери 11-декабрда БУУнун Башкы ассамблеясынын чечими менен Эл аралык тоо күнү белгиленип келатат. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG