Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:02

Кыргызстанда “Жашыл мурас” улуттук өнөктүгү башталды


Президент Садыр Жапаров Кыргызстандагы Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылынын алкагында "Жашыл мурас" улуттук өнөктүгү башталганын жарыялады.

12-мартта, "Ала-Арча" мамлекеттик жаратылыш багынын аймагында көчөт отургузуу менен өткөн иш-чарага эл аралык уюмдардын, элчиликтердин, мамлекеттик жана муниципиалдык органдардын өкүлдөрү катышканы президенттин сайтында кабарланды.

“Иш-чарада өлкө башчысы климаттын тез өзгөрүшү жана мөңгүлөрдүн эриши Кыргызстандын эле эмес, дүйнө жүзүнүн көйгөйү экенин белгиледи”, - деп айтылат маалыматта.

"Жашыл мурас" улуттук өнөктүгү өлкө боюнча жыл сайын белгиленчү салтка айланып, ар жылы 5-6 млн. даана көчөт отургузулмай болду.

Иш-чаранын катышуучуларынын алдында сүйлөгөн Садыр Жапаров башка өлкөлөрдү Кыргызстандан үлгү алып, табиятты жана климатты коргоо маселесинде сөздөн ишке өтүүгө чакырды.

Бүгүн "Жашыл мурас" улуттук өнөктүгү өлкө боюнча өткөрүлүп, жашылдандыруу чараларын камтыган ишембиликтер уюштурулду.

Президент Садыр Жапаров өткөн жылы Глазго шаарында өткөн БУУнун климаттык өзгөрүүлөр боюнча 26-саммитинде Кыргызстан БУУга 2022-жылды Тоолорду туруктуу өнүктүрүү жылы деп жарыялоо сунушун берген. 2021-жылдын 16-декабрында БУУнун башкы ассамблеясынын 76-сессиясынын катышуучулары Кыргызстандын демилгесин бир добуштан колдоп, 2022-жылды "Тоолорду туруктуу өнүктүрүү эл аралык жылы" деп жарыялоо жөнүндө резолюцияны кабыл алышкан. (JsA\TB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG